Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Пресс-борбор

Мугалимдер мектептен кетүүдө. Акча чогултууга салынган тыюу абалды кыйындаттыбы?

© Sputnik / Саид Царнаев / Медиабанкка өтүүМектеп мугалими. Архив
Мектеп мугалими. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Урматтуу кесиптештер, сиздерди "Мугалимдер мектептен кетип жатат. Тыюу салуу билим берүү системасын кыйынчылыкка кептедиби?" деп аталган кереге кеңешке чакырабыз.

Иш-чара 2019-жылдын 12-декабрында саат 11.00дө Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда болот.

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Sputnik Кыргызстанга берген маегинде мектептерде ата-энелер фонду жоюларын, себеби алардын көбү туура эмес иштеп, директорлор менен ата-энелердин акча чогултуусуна көмөктөш болуп жаткандыгын айткан эле.

Кийинки күндөрү Sputnik редакциясына кыргызстандыктардан арыздар арбын түшө баштады. Билим берүү жана илим министрлигинин салган тыюусунан кийин бир топ мектептердин администрациясы акча табуунун жаңы жолдорун караштырууда. Ата-энелер фонду бир топ мугалимдерди, мектепти жууп-тазалап иштегендерди, күзөт кызматкерлерди сый акча менен камсыздап турган, эми алар жок. Алардын тапкан акчасы азайгандыктан, иштен кетип жатат. Расписаниелердин ортосунда боштуктар пайда болду.

Абалды оңдоо үчүн өкмөт эмне кылып жатат? Акчанын аздыгынан канча мугалим менчик мектептерге кетти? Кадрлардын кетип калышын кантип токтотуу керек? Бул жана дагы башка бир топ суроолорду кереге кеңештин төмөнкү катышуучулары талкуулайт:

  • Гүлшан Кушбековна АБДЫЛДАЕВА — Билим берүү жана илим министрлигинин окутуу сапатын көзөмөлдөө башкармалыгынын башкы адиси;
  • Гүльмира Саякбаевна КУЛОВА — биология мугалими;
  • Наталья Васильевна НИКИФОРОВА — Бишкек мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын жетекчисинин орун басары;
  • Гаиша Жусупбековна ИБРАГИМОВА — "Билим берүү мекемелеринин союзу" ассоциациясынын төрайымы;
  • Евгения Григорьевна СТРОКОВА — Жогорку Кеңештин депутаты;
  • Нурзат Өмүрбаевич УСЕБАЕВ — журналист, окуучунун атасы;
  • Асель Талканбековна ЭРМЕКОВА — окуучунун энеси;
  • Анара Зарылбековна ДАУТАЛИЕВА — "Таза табигат" коомдук бирикмесинин башчысы;
  • Гульзина Таайлайбековна БООБЕКОВА — Акыйкатчы аппаратынын баланын, аялдын жана үй-бүлөнүн укуктарын коргоо бөлүмүнүн жетекчиси;
  • Акылбек Орозобекович АХМАТОВ — Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын Бишкек шаары боюнча алгачкы текшерүү органынын улук ыйгарым укуктуу өкүлү.
Жаңылыктар түрмөгү
0