Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Пресс-борбор

"Кыймылсыз мүлктүн баасы өсөбү?" аттуу тегерек стол

© Sputnik / Эмиль СадыровСтроительство зданий в Бишкеке
Строительство зданий в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чара 11-октябрь күнү саат 11.00дө Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өтөт.

Урматтуу кесиптештер!

Сиздерди "Кыймылсыз мүлктүн баасы өсөбү? Үлүшү барлардын укугу кандайча корголот" аттуу тегерек столго чакырабыз.

Акыркы кезде Кыргызстандын соцтармактагы сегментинде жана ЖМКларда алданып калып миңдеген долларын жоготкон жарандар тууралуу маалыматтар байма-бай чыгып жатат. Анда курулуш компанияларынын жоопкерчиликсиз мамилеси жана мамлекеттик органдар жарандардын конституциялык укуктарын коргобой жатканы айтылат.

Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исмаилова курулуш компанияларына коюлган талаптарды күчөтүү боюнча сунушун берип жатат. Бирок Экономика министрлиги мунун айынан өлкөдө кыймылсыз мүлктүн баасы өсүп кетиши мүмкүн деп чочулоодо.

Мамлекет курулуш компанияларында үлүшү бар жарандардын укуктарын кантип коргойт? Кырдаалды жакшыртуу үчүн кандай кадамдарга баруу керек? Бийлик курулуш компанияларына талапты күчөтсө кыймылсыз мүлктүн баасы өсөбү? Ушул жана башка суроолордун алкагында тегерек столдун катышуучулары талкуу жүргүзөт:

  • ҮСӨНГУЛ уулу Алмаз — Экономика министрлигинин ишкерликти башкаруу бөлүмүнүн жетекчиси;
  • Өкмөттүн аппаратынын өкүлү;
  • КАНГЕЛДИЕВА Замира Абдыкалыевна — "Бишкекбашкыархитектура" ишканасынын шаар куруу жана архитектура бөлүмүнүн башчысы;

  • МЕДЕРКУЛОВ Улук Таалайбекович — Бишкек прокуратурасынын коррупцияга каршы жана мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөө бөлүмүнүн жетекчиси;
  • ХИЛОУ Софья Харкиевна — Бишкек прокуратурасынын кылмыш жана жарандык сот өндүрүшү бөлүмүнүн прокурору;
  • АЛИЕВ Рамис Алиевич — Финполдун борбордук аппаратынын өкүлү;
  • НУРБЕКОВ Азиз Абдылашимович — Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматынын жетекчисинин орун басары;
  • КУЗЬМИЧЕВ Сергей Владимирович — юрист;
  • АМИРАЕВ Максат Абдурасулович — Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин турак жай коммуналдык чарба бөлүмүнүн жетекчиси;
  • АЧИЛДИЕВ Шараф Ёрматович — Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын башкы мамлекеттик курулуш инспектору;
  • ИСМАИЛОВА Аида Жекшенбаевна — Жогорку Кеңештин депутаты;
  • СТРОКОВА Евгения Григорьевна — Жогорку Кеңештин депутаты;
  • ГОРЕВ Виктор Тимофеевич — керектөөчүлөрдүн укугун коргогон коомдук бирикменин директору.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунун дареги: Бишкек шаары, Эркиндик проспектиси, 46 (Чүй проспектиси менен кесилишет). ЖМКларды каттоо жеринен, редакциялык күбөлүк менен жүргүзүлөт.

Маалымат борбордо боло турган иш-чара тууралуу кошумча маалыматты +996 312 98-60-27, +996 312 98-69-47 телефондору аркылуу алсаңыздар болот.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунун анонсторун алып туруу үчүн a.valiev@sputniknews.com дарегине жазыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0