Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Пресс-борбор

"Ата-энелер фондунун кереги барбы?" аттуу тегерек стол

© Sputnik / Эмиль СадыровСело Кара-Булак Лейлекского района Баткенской области
Село Кара-Булак Лейлекского района Баткенской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чара 3-октябрь күнү саат 11.00дө Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өтөт.

Урматтуу кесиптештер!

Сиздерди "Мектептеги акча чогултуулар. Ата-энелер фондунун ишин кантип өзгөртүү керек, негизи эле фонддун кереги барбы?" аттуу тегерек столго чакырабыз.

Өкмөт 2023-жылга чейин ата-энелер фондун жоюуну пландап жатат. Вице-премьер Алтынай Өмүрбекова көпчүлүк фонддордун иши таза эмес экенин айтып, каражат топтоого мугалимдер менен директорлор катышып жатканын билдирген. Ошондой эле кээ бир мугалимдер акча бербеген балдарга мамилесин өзгөртүп жатканын белгилеген.

Соцтармактын кыргыз сегментинде ата-энелер фондуна каражат топтолуп жатканы боюнча нааразычылыктар айтылып келет. Ошондой эле тажрыйбалуу мугалимдердин жеке мектептерге кетип калышы, китептердин жетишсиздиги талкууланууда.

Мамлекет ата-энелердин жардамына көз каранды болбой мектептерди өз алдынча каржылай алабы? Ата-энелер фондун жоюу керекпи же анын ишин катуу көзөмөлгө алуу зарылбы? Мектептерге бизнес же жергиликтүү бийлик жардам бергидей мыйзамдуу шарттар барбы? Ушул жана башка маселелерди тегерек столдун төмөнкү катышуучулары талкууга алат:

  • ЛОСНИКОВА Назгүл Азатбековна — өкмөттүн аппаратынын билим, маданият жана спорт бөлүмүнүн адиси;
  • СТРОКОВА Евгения Григорьевна — Жогорку Кеңештин депутаты,
  • Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлү;
  • ИСАКОВА Чынара Курманалиевна — Бишкек мэриянын алдындагы Билим берүү башкармалыгынын өкүлү;
  • ИБРАГИМОВА Гаиша Жусупбековна — "Союз образовательных учреждений" ассоциациясынын президенти;
  • САЙНАЗАРОВ Кеңешбек Балтабаевич — Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы коомдук кеңештин мүчөсү, адис;
  • ИВАНОВ Александр Петрович — Билим жаатындагы демилгелерди колдоо боюнча фонддун директору;
  • МАМБЕТОВА Салтанат Сталбековна — Билим берүү жана илим министрлигинин Мектептеги билим башкармалыгынын адиси;
  • КЕНЖЕБАЕВ Өмүрбек Абдиназарович — Экономика министрлигинин мамлекеттик-жеке өнөктөштүк бөлүмүнүн башкы адиси;
  • МАМБЕТОВА Замира Керимбековна — мектептерде акча чогултууга каршы турган коомдук фонддун өкүлү.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунун дареги: Бишкек шаары, Эркиндик проспектиси, 46 (Чүй проспектиси менен кесилишет). ЖМКларды каттоо жеринен, редакциялык күбөлүк менен жүргүзүлөт.

Маалымат борбордо боло турган иш-чара тууралуу кошумча маалыматты +996 312 98-60-27, +996 312 98-69-47 телефондору аркылуу алсаңыздар болот.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунун анонсторун алып туруу үчүн a.valiev@sputniknews.com дарегине жазыңыз.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0