Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Пресс-борбор

Мамлекеттик ооруканаларда акы алуу сунушталууда. Тегерек стол

© Sputnik / Табылды КадырбековДеятельность клинического родильного дома №2 в Бишкеке
Деятельность клинического родильного дома №2 в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чара 25-сентябрь күнү саат 11.00дө Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өтөт.

Урматтуу кесиптештер!

Сиздерди "Мамлекеттик ооруканаларда акы алуу сунушталууда. Саламаттык сактоо министрлигинин долбоору" аттуу тегерек столго чакырабыз.

Иш-чара 25-сентябрь күнү саат 11.00дө Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өтөт.

Саламаттык сактоо министрлиги Улуттук госпиталдын офтальмология бөлүмүн, Органдарды трансплантациялоо жана жүрөк хирургия илим изилдөө институтун, ошондой эле Улуттук хирургиялык борборду өзүн-өзү каржылоого өткөрүүнү пландап жатат. Бул аталган медициналык борборлордогу дээрлик бардык кызматтар акы төлөнүүчү болот дегенден кабар берет. Мунун арты менен мамлекеттик медборборлор жеке клиникалар менен атаандашуусуна мүмкүнчүлүк жаралат. Эгер долбоор ишке ашып кетсе, ушундай эле өзгөрүүлөр Саламаттык сактоо тармагынын бардык уюмдарына жайылат.

Өкмөт бул демилгеге кандай карайт? Мамлекеттик ооруканаларда эмнелер өзгөрөт? Долбоорду коомчулукка зыян келтирбегендей кылып ишке ашырууга болобу? Ушул жана башка суроолорду тегерек столдун катышуучулары талкууга алышат:

ИСАЕВ Санжар Эркинович — өкмөттүн аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары;

БАРЫКТАБАСОВА Бермет Касымбековна — Саламаттык сактоо министрлигинин далилдүү медицина жана клиникалык стандарттар боюнча эксперт;

Саламаттык сактоо министрлигинен өкүл келет;

МАМАТОМОРОВ Сагындык Аматович — Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин Жөнгө салынуучу чөйрөлөр башкармалыгынын жетекчиси;

Каржы министрлигинин өкүлү;

СТРОКОВА Евгения Григорьевна —Жогорку Кеңештин депутаты;

ОСМОНОВ Дамир Асылбекович — Кардиологиялык клиниканын башкы дарыгери;

АКМАТОВ Талай Аманкулович — Саламаттык сактоо министрлигинин Улуттук хирургия борборунун башкы дарыгери, директордун орун басары;

КАДЫРОВА Нинель Азимхановна — Саламаттык сактоо системасы боюнча эксперт;

БОРЧУБАЕВА Гүлмира Шайыковна — Милдеттүү медициналык камсыздоо фондунун бюджетти пландоо башкармалыгынын жетекчиси;

БАТЫРАЛИЕВ Талантбек Абдуллаевич — мурдагы саламаттык сактоо министри.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0