Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Пресс-борбор

"Кыргызстандын ЕАЭБдин алкагындагы соода саясаты" аттуу видеокөпүрө

© Sputnik / Табылды КадырбековЕАЭБ мамлекеттеринин желектери. Архив
ЕАЭБ мамлекеттеринин желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Евразиялык экономикалык комиссиясынын соода боюнча министри Вероника Никишина Бишкекте өтө турган Евразия жумалыгынын алдында ЖМК өкүлдөрү менен баарлашат.

Урматтуу кесиптештер!

Сиздерди "Кыргызстандын ЕАЭБдин алкагындагы жана дүйнөлүк деңгээлдеги соода саясаты" аттуу видеокөпүрөгө чакырабыз.

Москва — Ереван — Бишкек — Нур-Султан — Кишинев видеокөпүрөсү 16-сентябрь күнү саат 13.00дө Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өтөт.

Евразиялык экономикалык комиссиясынын соода боюнча министри Вероника Никишина Бишкекте өтө турган Евразия жумалыгынын алдында ЖМК өкүлдөрү менен баарлашат. Ал иш-чаранын программасы, Кыргызстандын дүйнөлүк рыноктогу интеграциясы, республиканын Азия-Тынч океан аймагындагы мүмкүнчүлүктөрү тууралуу айтып берет. Ошондой эле Никишина ЕАЭБдин 2024-жылга карата ЕАЭБдин соода өнүктүрүү саясаты боюнча да сөз козгойт.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунун дареги: Бишкек шаары, Эркиндик проспектиси, 46 (Чүй проспектиси менен кесилишет). ЖМКларды каттоо жеринен, редакциялык күбөлүк менен жүргүзүлөт.

Маалымат борбордо боло турган иш-чара тууралуу кошумча маалыматты +996 312 98-60-27, +996 312 98-69-47 телефондору аркылуу алсаңыздар болот.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунун анонсторун алып туруу үчүн a.valiev@sputniknews.com дарегине жазыңыз.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0