Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Пресс-борбор

"Электрондук каттоо" 1-класска киргендеги акча чогултуу көйгөйүн чечтиби?

Жазылуу
Бул система 2020-жылдан тарта Бишкектен тышкары дагы төрт шаарда иштей баштайт. Алар Ош, Жалал-Абад, Токмок жана Кара-Балта шаарлары.

БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. "Электрондук каттоо" системасы балдарды 1-класска кабыл алуудагы коррупциялык аракеттерди бир кыйла кыскартты. Бул тууралуу КР Билим берүү жана илим министрлигинин Мектепке чейинки, мектептеги жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын алдыңкы адиси Айнур Кусеинова билдирди. 

© Sputnik / Табылды КадырбековКР Билим берүү жана илим министрлигинин Мектепке чейинки, мектептеги жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын алдыңкы адиси Айнур Кусеинова
Электрондук каттоо 1-класска киргендеги акча чогултуу көйгөйүн чечтиби? - Sputnik Кыргызстан
КР Билим берүү жана илим министрлигинин Мектепке чейинки, мектептеги жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын алдыңкы адиси Айнур Кусеинова

Бүгүн, 10-сентябрда, Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык борборунда "Мектепке электрондук кезекке туруу: баланын жеке маалыматтарын кантип коргоо керек" аттуу маалымат жыйын өттү.

Кусеинованын айтымында, программанын ишке кириши ата-энелердин да жумушун бир кыйла жеңилдетти.

"Долбоордун негизги максаты — коррупциялык элементтерди болушунча азайтуу. Балдарын электрондук кезекке каттаткан ата-энелер эч кандай акча берген жок. Андан сырткары, баласын 1-класска алып баруу үчүн тааныш издеп, же кимдир бирөөгө акча сунуштаган эмес. Ар бир ата-эне баласы окуй турган жана өзүнө жаккан мектепти тандады", — деди ал.

Бул система иштеп баштагандан кийин баласын мектепке киргизүүдө "пара талап кылып жатат" деп арыздангандар дээрлик жок болду.

2019/2020-окуу жылына карата мектеп каникулдары - Sputnik Кыргызстан
Быйылкы окуу жылындагы каникулдардын календары
"Былтыр ата-энелерден үч миңдей арыз келген. Алардын көбү балдарын мектепке киргизип жатканда суралган акча тууралуу болчу. Салыштырмалуу быйыл андай арыз менен кайрылгандар 500гө чейин азайды. Бул арыздар баланы мектепке киргизүүдө акча сурап жатканына байланышкан эмес", — деди Кусеинова.

Ал ошондой эле системаны алдап, баланы башкалардан озунуп мектепке берүү таптакыр мүмкүн эместигин кошумчалады.

Белгилей кетсек, Бишкекте "Балдарды мектепке электрондук каттоо" сынамык долбоору иштеп баштады. 2020-жылдан тарта бул система Кыргызстандын төрт шаарында, тактап айтканда, Ош, Жалал-Абад, Токмок жана Кара-Балтада жайылтылат.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0