12:00 08 Бештин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8490
  • EUR77.5883
  • RUB1.0962
Сабактагы окуучулар. Архив

Электрондук кезекке туруу. Балдардын жеке маалыматын кантип коргоо керек

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Пресс-борбор
Кыскача шилтеме алуу
3710

Иш-чара 10-сентябрда саат 10:00дө Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өтөт.

Урматтуу кесиптештер, силерди "Мектепке электрондук кезекке туруу: баланын жеке маалыматтарын кантип коргоо керек" аттуу маалымат жыйынга чакырабыз.

Иш-чара 10-сентябрда саат 10:00дө Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өтөт.

"Мектепке электрондук катталуу" долбоору балдарды 1-класска каттоо аракеттерин автоматташтырат.

Маалымат жыйындын катышуучулары балдардын жеке маалыматтарын кантип коргоо керектигин айтып беришет.

Катышуучулар:

  • КУСЕИНОВА Айнура Сүйүндүковна — Билим берүү жана илим министрлигинин Мектепке чейинки, мектеп жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын башкы адиси;
  • ГОРКИН Алексей Александрович — долбоорду иштеп чыккан адис;
  • АМАТОВ Төлөгөн Жолдошбекович — "Мектепке электрондук катталуу" системасын иштеп чыккан башкы адис;

Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунун дареги: Бишкек шаары, Эркиндик проспектиси, 46 (Чүй проспектиси менен кесилишет). ЖМКларды каттоо жеринен, редакциялык күбөлүк менен жүргүзүлөт.

Маалымат борбордо боло турган иш-чара тууралуу кошумча маалыматты +996 312 98-60-27, +996 312 98-69-47 телефондору аркылуу алсаңыздар болот.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунун анонсторун алып туруу үчүн a.valiev@sputniknews.com дарегине жазыңыз.

Белгилер:
кезек, окуучулар, билим берүү, мектеп

ЭҢ МААНИЛҮҮ