Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Пресс-борбор

"КРдеги соттордун ишин сындоо. Реформа кандай жүрүп жатат?" аттуу тегерек стол

Жазылуу
Иш-чара 18-июнда саат 11.00дө Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өтөт.

Урматтуу кесиптештер!

Сиздерди "Кыргызстандагы соттордун ишин сындоо. Реформа кандай жүрүп жатат?" аттуу тегерек столго чакырабыз.

Соттордун XI съездинде КР президенти Сооронбай Жээнбеков сот өкүлдөрүн коррупция менен күрөшүүнү улантууга, санариптештирүүнү тездетүүгө жана сотторду тандоо тартибин күчөтүүгө чакырган.

Жарандар соцтармак аркылуу соттук реформаны тездетүү талаптарын коюп келет. Ошондой эле ЖМКларда жана интернет айдыңында айрым соттордун акыйкатсыздык иштери тууралуу маалыматтар көп кездешет.

Соттук реформа кайсы этапта? Соттор арасындагы коррупция менен күрөштүн реалдуу жыйынтыгы барбы? Ушул жана башка суроолорду тегерек столдун төмөнкү катышуучулары талкуулашат:

  • Шакир уулу АТАЙ — КР Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын инспектору;
  • Жогорку соттун өкүлү;
  • Чыныбай Акунович ТУРСУНБЕКОВ — Жогорку Кеңештин депутаты;
  • Алмамбет Насырканович ШЫКМАМАТОВ — Жогорку Кеңештин депутаты;
  • Акылбек Усенбекович ЖАПАРОВ — Жогорку Кеңештин депутаты;
  • Шумкар Алмамбетович СУЛТАНОВ — ИИМ өкүлү;
  • Чолпон Идиновна Жакупова — "Правовая клиника "Адилет" коомдук фондусунун директору;
  • КР президентинин аппаратынын соттук реформа бөлүмүнүн өкүлү;
  • Владимир Борисович ПЛУЖНИК — "Вигенс" бирдиктүү укуктук борбордун директору;
  • Клара Сыргакбековна СООРОНКУЛОВА — юрист.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунун дареги: Бишкек шаары, Эркиндик проспектиси, 46 (Чүй проспектиси менен кесилишет). ЖМКларды каттоо жеринен, редакциялык күбөлүк менен жүргүзүлөт.

Маалымат борбордо боло турган иш-чара тууралуу кошумча маалыматты +996 312 98-60-27, +996 312 98-69-47 телефондору аркылуу алсаңыздар болот.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунун анонсторун алып туруу үчүн a.valiev@sputniknews.com дарегине жазыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0