Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Пресс-борбор

"Кыргызстан эл аралык беделдүү сынакта жеңүүчү болду" аттуу видеокөпүрө

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүДосрочная сдача ЕГЭ по русскому языку
Досрочная сдача ЕГЭ по русскому языку - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чара 13-июнда саат 14:00дө Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өтөт.

Урматтуу кесиптештер!

Сиздерди "Кыргызстан эл аралык беделдүү сынакта жеңүүчү болду" аталышындагы видеокөпүрөгө чакырабыз.

Санкт-Петербург — Баку — Бишкек — Ереван — Кишинев — Нур-Султан видеокөпүрөсү 13-июнда саат 14:00дө Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык борборунда өтөт.

Иш-чарада жогорку окуу жайлардын студенттери арасындагы викторинанын жыйынтыгы чыгарылып, жеңүүчүлөр аныкталат. Алар - шайлоо укугу жана шайлоо процесси боюнча КМШ мамлекеттеринин парламент аралык ассамблеясынын катышуучулары.

Видеокөпүрөгө катышчулар:

  • Исламбек Муратбекович МУРСАБЕКОВ — Демократиянын өнүгүшүн, парламентаризмди жана жарандардын шайлоо укугун сактоо мониторинги эл аралык институтунун директору;
  • Алина Эркиновна ТАЛИПЖАНОВА — конкурстун катышуучусу;
  • Аяна Жетигеновна ОСМОНАЛИЕВА — конкурстун катышуучусу;
  • Абдыманап Масалбекович ОСКОНБАЕВ — конкурстун катышуучусу.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунун дареги: Бишкек шаары, Эркиндик проспектиси, 46 (Чүй проспектиси менен кесилишет). ЖМКларды каттоо жеринен, редакциялык күбөлүк менен жүргүзүлөт.

Маалымат борбордо боло турган иш-чара тууралуу кошумча маалыматты +996 312 98-60-27, +996 312 98-69-47 телефондору аркылуу алсаңыздар болот.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунун анонсторун алып туруу үчүн a.valiev@sputniknews.com дарегине жазыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0