Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Пресс-борбор

"ШКУ саммитинен эмнени күтөбүз" аттуу видеокөпүрө

Жазылуу
Иш-чара 11-июнда саат 13:00дө, Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда болот.

Урматтуу кесиптештер, "ШКУ саммитинен эмнени күтөбүз" аттуу видеокөпүрөгө чакырабыз.

Иш-чара 11-июнда саат 13:00дө, Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда болот.

13-14-июнда Бишкекте Шанхай кызматташтыгы уюмунун саммити өтөт, ага Кыргызстан төрагалык кылат. 2019-2020-жылдары төрагалык кылуу кезеги Россияга берилет. Видеокөпүрөдө саммиттин күн тартиби, ШКУнун Россиядагы, Кытайдагы жана Кыргызстандагы ролу, аймактагы коопсуздук маселесиндеги уюмдун келечеги талкууланат.

Бишкектен катыша тургандар:

Муратбек Сансызбаевич ИМАНАЛИЕВ — ШКУнун мурдагы башкы катчысы (2010-2012), Тышкы иштер министрлигинин дипломатиялык академиясынын профессору;

Москвадан:

Сергей ЛУЗЯНИН — Россиялык илимдер академиясынын Ыраакы Чыгыш институтунун директору;

Пекинден:

Ифань ДИН — Тайхэ акыл борборунун улук илимий кызматкери, Кытайдын мамлекеттик кеңешинин изилдөө борборунун дүйнөлүк өнүгүү институтунун директорунун мурдагы орун басары;

ЭНЬЮАНЬ У — Кытайдын коомдук илимдер академиясынын Россия, Чыгыш Европа жана Борбор Азия институтунун мурдагы директору;

Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунун дареги: Бишкек шаары, Эркиндик проспектиси, 46 (Чүй проспектиси менен кесилишет). ЖМКларды каттоо жеринен, редакциялык күбөлүк менен жүргүзүлөт.

Маалымат борбордо боло турган иш-чара тууралуу кошумча маалыматты +996 312 98-60-27, +996 312 98-69-47 телефондору аркылуу алсаңыздар болот.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунун анонсторун алып туруу үчүн a.valiev@sputniknews.com дарегине жазыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0