Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Пресс-борбор

"КР хоккей командасынын чуулуу дисквалификациясы" аттуу маалымат жыйын

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын хоккей боюнча курама командасынын оюнчулары. Архив
Кыргызстандын хоккей боюнча курама командасынын оюнчулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чара 31-майда саат 11.00дө Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өтөт.

Урматтуу кесиптештер!

Сиздерди "Кыргызстандын командасынын чуулуу дисквалификациясы. Эл аралык хоккей федерациясынын териштирүүлөрүнүн жыйынтыгы" аттуу маалымат жыйынга чакырабыз.

6-апрелде атамекендик хоккей командасы Бириккен Араб Эмирлигинин курамасын жеңип, топтогу абсолюттук лидер болгон. Бул жетишкендик Дүйнө чемпионатынын үчүнчү дивизионуна чыгууга мүмкүнчүлүк бермек. БАЭнин арызы менен оюнга кошулган спортчу дисквалификацияланган. Ошентсе да Кыргызстан БАЭнин курамасын жеңип алган. Бирок кийин төрт жеңиш тең жокко чыгарылган.

Маалымат жыйындын катышуучулары Эл аралык хоккей федерациясы менен БАЭнин командасынын ортосундагы териштирүү иштеринин жыйынтыктарын айтып беришет.

Катышуучулар:

  • ОМОРКАНОВ Анвар Насыбекович — Кыргызстандын Хоккей федерациясынын президенти;
  • ЖАКЫПОВ Муратбек Токтоназарович — биринчи вице-президент;
  • БОЛОТБЕКОВ Элзар Болотбекович — вице-президент;
  • АБДЫГУЛОВА Асел Мисировна — вице-президент.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунун дареги: Бишкек шаары, Эркиндик проспектиси, 46 (Чүй проспектиси менен кесилишет). ЖМКларды каттоо жеринен, редакциялык күбөлүк менен жүргүзүлөт.

Маалымат борбордо боло турган иш-чара тууралуу кошумча маалыматты +996 312 98-60-27, +996 312 98-69-47 телефондору аркылуу алсаңыздар болот.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунун анонсторун алып туруу үчүн a.valiev@sputniknews.com дарегине жазыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0