Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Пресс-борбор

"Кыргызстан СПИД эпидемиясына жакындап калдыбы?" аттуу маалымат жыйын

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүКан анализи. Архив
Кан анализи. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чара 28-майда саат 11:00дө Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өтөт.

Урматтуу кесиптештер, сиздерди "Кыргызстан СПИД эпидемиясына жакындап калдыбы? ВИЧ кооптуулугу" аттуу маалымат жыйынга чакырабыз.

24-майда борбор калаанын үч ири базарында төрт сааттын ичинде ВИЧке кабылган беш киши аныкталган. "СПИД" республикалык борбору тестирлөөнүн жыйынтыктарын кайра текшерет. Эгер тастыкталса, эпидемия тууралуу сөз кыла берсе болорун адистер айтууда.

Тестирлөөнүн жыйынтыктары, кырдаалды жөнгө салуу үчүн кандай аракеттер көрүлүшү зарылдыгын маалымат жыйындын катышуучулары айтып берет:

  • БЕКБОЛОТОВ Айбек Абдылдаевич — СПИД республикалык борборунун директорунун орун басары;
  • СУЛТАНГАЗИЕВ Айбар Турдубекович —"Партнерская сеть" ассоциациясынын директору;
  • ШҮКҮРОВА Бактыгүл Карыпбековна — ВИЧке кабылган адамдардын коомунун өкүлү;
  • СУВАНАЛИЕВА Шарипа Мухаммеджановна — Саламаттык сактоо министрлигинин коомдун саламаттыгы боюнча башкармалыгынын башкы адиси.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунун дареги: Бишкек шаары, Эркиндик проспектиси, 46 (Чүй проспектиси менен кесилишет). ЖМКларды каттоо жеринен, редакциялык күбөлүк менен жүргүзүлөт.

Маалымат борбордо боло турган иш-чара тууралуу кошумча маалыматты +996 312 98-60-27, +996 312 98-69-47 телефондору аркылуу алсаңыздар болот.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунун анонсторун алып туруу үчүн a.valiev@sputniknews.com дарегине жазыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0