Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Пресс-борбор

"Бишкекте автоунаа токтоткон жайларды акылуу кылуу" аттуу тегерек стол

© © фото очевидца, отправленное по WhatsApp-каналуНеправильная парковка авто в Бишкеке
Неправильная парковка авто в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чара 23-майда саат 11.00дө Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өтөт.

Урматтуу кесиптештер!

Сиздерди "Бишкекте автоунаа токтоткон жайларды акы төлөнө тургандай кылуу сунушталды. Мэриянын демилгеси" аттуу тегерек столго чакырабыз.

Борбор калаанын мэриясы шаардык кеңешти токтомду колдоп берүүгө чакырды. Документ ишке ашса, шаардагы бардык унаа токтотуучу жайларга акы төлөнөт.

Долбоордун арты менен унаа токтотуучу жайлардын башаламан жайгашуусу, көзөмөлдүн жоктугу, авариялык кырдаал сыяктуу көйгөйлөр жоюлары болжолдонуп жатат. Унаа токтотуучу жайларды уюштуруу укугу аукцион аркылуу берилет.

Тегерек столдун катышуучулары маселенин күнгөй-тескейин талкуулап, өз сунуштарын беришет:

  • АМАТОВ Рысбай Аматович — Бишкек шаардык кеңештин депутаты;
  • УСУБАЛИЕВ Эрмек Сыргакович — Бишкек шаардык кеңештин депутаты;
  • ЖУСУПОВ Кубан Калыгулович — Бишкек мэриясынын аппаратынын транспорт жана муниципалдык менчик департаментинин директору;
  • ЖУМАШЕВ Дамир Төлөсүнович — Бишкек мэриясынын муниципалдык унаа токтотуучу жайлар департаментинин директору;
  • УМУРАЛИЕВА Калича Кусеиновна — коомдук активист, "Наше право" коомдук фондусунун жетекчиси;
  • ДЕРБИШОВА Айканыш Мухтаровна — "Городские инициативы" фондусунун өкүлү.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунун дареги: Бишкек шаары, Эркиндик проспектиси, 46 (Чүй проспектиси менен кесилишет). ЖМКларды каттоо жеринен, редакциялык күбөлүк менен жүргүзүлөт.

Маалымат борбордо боло турган иш-чара тууралуу кошумча маалыматты +996 312 98-60-27, +996 312 98-69-47 телефондору аркылуу алсаңыздар болот.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунун анонсторун алып туруу үчүн a.valiev@sputniknews.com дарегине жазыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0