Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Пресс-борбор

Өмүрүбүздү тобокелге салып... Кыргызстанда керектөөчүлөрдүн укугун ким коргойт?

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүДүкөндөгү кардар. Архив
Дүкөндөгү кардар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чара 15-мартта саат 11:00дө Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өтөт.

Урматтуу кесиптештер, силерди "Өмүрүбүздү тобокелге салып... Кыргызстанда керектөөчүлөрдүн укугу кантип корголот?" аттуу тегерек столго чакырабыз.

Иш-чара 15-мартта саат 11:00дө Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өтөт.

Кыргызстандын тургундары күнүнө социалдык тармактарга сатып алган товардын сапаты начар, баасы кымбат экенин айтып көптөгөн билдирүү жазышат. Андан сырткары, тамак-ашка ууланган учурлар да жок эмес.

Өлкөдө керектөөчүлөрдүн укугу кандай корголгон? Тийиштүү мамлекеттик органдар бул багытта кандай иштерди аткарат? Кардардын укугу басмырланган учурда аны ким коргойт? Ушул жана башка суроолор тегерек столдо талкууга алынат.

Катышучулар:

  • Алишер Шамильевич МАМБЕТКУЛОВ — Монополияны жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары;
  • Назина Абдулазизовна АЛЫКУЛОВА — Монополияны жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин жарнама, керектөөчүлөрдүн укугун коргоо башкармалыгынын жетекчиси;
  • Таалайбек Мухамеджанович СОЛДАТОВ — Экология жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын методологиялык көзөмөл башкармалыгынын бөлүм башчысы;
  • Эльмира Асанбаевна УДЕРБАЕВА — Экономика министрлигинин техникалык регламент жана стандарт боюнча бөлүмүнүн башчысы;
  • Махамат МУРЗАШЕВ — Бишкектин санитардык эпидемиологиялык көзөмөл борборунун тамактануу гигиенасы бөлүмүнүн башчысы;
  • Алтай Төлөнбаевич ТӨЛӨНБАЕВ — Бишкектин санитардык эпидемиологиялык көзөмөл борборунун эмгек гигиенасы бөлүмүнүн башчысы;
  • Эркин Бакбурович ИСКАКОВ — Жогорку соттун аппарат жетекчисинин орун басары;
  • Тилек Кылычбекович ТАБАЛДИЕВ — Ветеринария жана фитосанитардык коопсуздук мамлекеттик инспекциясынын ички ветеринардык көзөмөл бөлүмүнүн башкы инспектору;
  • Салима Кабылбековна ТҮМӨНБАЕВА — Түндүк-Чыгыш бажысынын бажы кагаздарын толтуруу тобунун ага инспектору;
  • Эксперттер катышат.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунун дареги: Бишкек шаары, Эркиндик проспектиси, 46 (Чүй проспектиси менен кесилишет). ЖМКларды каттоо жеринен редакциялык күбөлүк менен жүргүзүлөт.

Маалымат борбордо боло турган иш-чара тууралуу кошумча маалыматты +996 312 98-60-27, +996 312 98-69-47 телефондору аркылуу алсаңыздар болот.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунун анонсторун алып туруу үчүн a.valiev@sputniknews.com дарегине жазыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0