15:32 30 Жалган Куран 2020
Түз эфир
  • USD80.2015
  • EUR88.3099
  • RUB1.0318
Пресс-борбор
Кыскача шилтеме алуу
48 0 0

Иш-чара 29-январь күнү саат 11.00дө Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өтөт.

Урматтуу кесиптештер!

Сиздерди "Кыргызстандын авиация тармагы кыйроо алдындабы? Аба кодексине киргизилген өзгөртүүлөр" аттуу тегерек столго чакырабыз.

Иш-чара 29-январь күнү саат 11.00дө Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өтөт.

15-январда "Аба кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" мыйзамы кабыл алынган. Анын арты менен өлкөгө "ачык асмандын бешинчи тепкичи" — чет элдик учактар жүргүнчүлөрдү, жүктөрдү, багажды Кыргызстанга алып келип, кайра башка өлкөлөргө ташый алат.

Демилгечилер бул мыйзам жакшы өзгөрүүлөргө жол ачарын айтса, айрым эксперттер каршы пикирде. Алардын айтымында, мамлекет Евробиримдиктин "кара тизмесинен" чыккандан кийин гана өзгөртүүлөрдү киргизүү туура болмок.

Жаңы Аба кодексинин кабыл алынышы менен кандай иштерди аткаруу керек? Эми кантип кирешени көбөйтүп, аэропорттордун инфраструктурасын жакшыртып, билет баасын арзандатса болот? Жергиликтүү авиакомпаниялар чет элдик атаандаштардын рынокко кириши менен кантип банкрот болуп калуудан сактана алат? Ушул жана башка суроолорду тегерек столдун төмөнкү катышуучулары талкуулайт:

Бакыт БЕКБАЧА уулу — Бишкектеги "Манас" эл аралык аэропортунун директорунун орун басары;

Тагай Замирбекович АБДЫСАТАРОВ — Жарандык авиация агенттигинин Жарандык авиацияны өнүктүрүү бөлүмүнүн башкы адиси;

Данияр Акматбекович АРЫНОВ — "Эйр Манас" авиакомпаниясынын өкүлү;

Алмазбек Манасбекович ЭРГЕШОВ — Жогорку Кеңештин депутаты;

Бактыбек Үсөнович СЫДЫКОВ — Жогорку Кеңештин депутаты, "Манас" эл аралык аэропортунун мурдагы жетекчиси;

Эрмек Социалович ӨМҮРАЛИЕВ — Жарандык авиациянын мурдагы башчысы;

Аскар Куттубекович СЫДЫКОВ — Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору;

Жекшенбек Өмүрбекович АЛЫБАЕВ — Авиаторлор бирикмесинин төрагасы;

Шакир Курманович ЖАНГАЗИЕВ — Авиа мекемелер ассоциациясынын аткаруучу директору, "Манас" эл аралык аэропортунун директорлор кеңешинин мүчөсү;

Мамат Абдыкарович НАЗАРОВ — көп жылдык тажрыйбасы бар учкуч;

Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунун дареги: Бишкек шаары, Эркиндик проспектиси 46, (Чүй проспектиси менен кесилишет). ЖМКларды каттоо жеринен редакциялык күбөлүк менен жүргүзүлөт.

Маалымат борбордо боло турган иш-чара тууралуу кошумча маалыматты +996 312 98-60-27, +996 312 98-69-47 телефондору аркылуу алсаңыздар болот.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунун анонсторун алып туруу үчүн a.valiev@sputniknews.com дарегине жазыңыз.

Белгилер:
тегерек стол, мыйзам, аба кодекси

ЭҢ МААНИЛҮҮ