Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Пресс-борбор

Дүйнөлүк опера жылдыздары Бишкекте

© Sputnik / Табылды КадырбековФестиваль классической музыки Tengri Music в Бишкеке
Фестиваль классической музыки Tengri Music в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чара 10-декабрь күнү саат 10.00дө Sputnik Кыргызстандын мультимедиалык маалымат борборунда өтөт.

Урматтуу кесиптештер!

"Дүйнөлүк опера жылдыздары биринчи жолу Бишкекте  "Тоска" операсын тартуулайт" аттуу маалымат жыйынына чакырабыз. 

Иш-чара 10-декабрь күнү саат 10.00дө Sputnik Кыргызстандын мультимедиалык маалымат борборунда өтөт.

Долбоордун музыкалык жетекчиси — мартабалуу сэр Георг Шолти атындагы сынактын россиялык жеңүүчүсү Валентин Урюпин. Музыкалык консультанты грек примасы, Пермь опера жана балет театрынын кастинг-директору Медея Ясониди.

Маалымат жыйындын катышуучулары:

  • Рамиз Бекназарович УСМАНОВ — Өзбекстан республикасынын эл артисти;
  • Валентин Тихонович УРЮПИН — эл аралык сынактардын жеңүүчүсү;
  • Лариса Викторовна КЕЛЛЬ — Пермь опера жана балет театрынын солисти;
  • Виктория Александровна ЮРТАЕВА — "Прима" коомдук фондусунун президенти.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунун дареги: Бишкек шаары, Эркиндик проспектиси 46, (Чүй проспектиси менен кесилишет). ЖМКларды каттоо жеринен редакциялык күбөлүк менен жүргүзүлөт.

Маалымат борбордо боло турган иш-чара тууралуу кошумча маалыматты +996 312 98-60-27, +996 312 98-69-47 телефондору аркылуу алсаңыздар болот.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунун анонсторун алып туруу үчүн a.valiev@sputniknews.com дарегине жазыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0