Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесине карата Кыргызстан менен Өзбекстан "Кызыл жоолук жалжалым" повестинин негизинде "Делбирим" кинодолбоорун ишке ашырды.
Фильмди тартууга кеткен чыгымды кыргыз өкмөтү, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Кыргызстандын Кинематография департаменти менен "Өзбеккино" көтөрдү.
Маалымат жыйындын катуушуучулары кино тартуу учурундагы кызыктуу окуялар тууралуу айтып беришет:
- Матьякуб МАТЧАНОВ — Өзбекстан эл артисти, Өзбекстандын кинематография союзунун төрагасы;
- Улугбек КАДЫРОВ — Өзбекстандык актер, "Делбирим" тасмасында Байтемирдин образын жараткан;
- Мадина ТАЛИПБЕК — кыргызстандык актриса, "Делбирим" тасмасында Аселдин ролун аткарган;
- Паризат ЖАКЫПБЕКОВА — продюсер.
Тасма Ташкентте, Наманганда жана Балыкчы шаарында тартылган.
Анын бет ачары Бишкекте 5-декабрда өтөт.
Sputnik Кыргызстан эл аралык маалымат агенттиги менен радиосу — кинодолбоордун расмий өнөктөшү.
Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунун дареги: Бишкек шаары, Эркиндик проспектиси, 46 (Чүй проспектиси менен кесилишет). ЖМКларды каттоо жеринде редакциялык күбөлүк менен жүргүзүлөт.
Маалымат борбордо боло турган иш-чара тууралуу кошумча маалыматты +996 312 98-60-27, +996 312 98-69-47 телефондору аркылуу алууга болот.