Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Пресс-борбор

Соцөнүгүү министрлигинин айрым укуктарын активисттер өзүнө алууну сунуштап жатат

© Sputnik / Табылды КадырбековОбразовательный проект SputnikPro
Образовательный проект SputnikPro - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чара 4-декабрда саат 11:00дө Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өтөт.

Урматтуу кесиптештер!

"Социалдык өнүгүү министрлиги өз ишин жөндөй албай жатабы? Алардын милдетинин жарымы активисттерге берилиши мүмкүн" аттуу тегерек столго чакырабыз.

Иш-чара 4-декабрда саат 11:00дө Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өтөт.

Активисттер Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин укуктарынын айрым бөлүгүн берүүнү сунуштап жатат. Алар кароосуз калган балдарга, селсаяктарга, жакыр үй-бүлөлөргө жана аймактардан Бишкекке келгендерге камкордук көрүүнү өздөрүнө алууга ниеттенүүдө. Активисттер аялуу катмардагы кишилерди ишке орноштуруп, гуманитардык жардам көрсөтүп жана керектүү документтерин жасап, толуктап берүүгө даяр.

Министрлик мындай сунушка көнөбү? Мамлекеттик мекеме чындап эле өз милдетин жөндөй албай жатабы? Активисттер сунуштаган долбоор кандайча ишке ашат? Тегерек столдун катышуучулары ушул жана башка маселелерди талкуулашат.

  • Чолпон Асаналиевна МАМБЕТАИПОВА — Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Мүмкүнчүлүгү чектелгендер менен иштөө башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу; 
  • Назгүл ЧОЛУМОВА — Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Үй-бүлө менен баланы коргоо борборунун жетекчисинин милдетин аткаруучу;
  • Жаныбек Болотбекович АБИРОВ — Бишкек шаардык кеңештин төрагасы;
  • Лариса ГУБИНА — Бишкек мэриясынын социалдык өнүгүү башкармалыгынын жетекчисинин орун басары;
  • Динара АЛЯЕВА — "Первый детский хоспис" коомдук кайрымдуулук фондусунун президенти;
  • Улан ШАМШИЕВ— Миграция боюнча мамлекеттик кызматтын тышкы миграция бөлүмүнүн башчысы;
  • Надежда ДОБРЕЦОВА — Өнүгүү саясаты институтунун башкаруучулугунун төрагасы;
  • Динара САДЫКБАЕВА — "Рука в руке" коомдук фондусунун өкүлү;
  • Бүбүсара РЫСКУЛОВА — "Сезим" кризистик борборунун жетекчиси;

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондусунун өкүлү.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунун дареги: Бишкек шаары, Эркиндик проспектиси, 46 (Чүй проспектиси менен кесилишет). ЖМКларды каттоо жеринде редакциялык күбөлүк менен жүргүзүлөт.

Маалымат борбордо боло турган иш-чара тууралуу кошумча маалыматты +996 312 98-60-27, +996 312 98-69-47 телефондору аркылуу алсаңыздар болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0