Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Пресс-борбор

Автоинспекциянын реформаланышы. КР жолдорунун коопсуздугу

© Sputnik / Табылды КадырбековРабота дорожной службы в Бишкеке
Работа дорожной службы в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чара 16-ноябрь күнү саат 11.00дө Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өтөт.

Урматтуу кесиптештер!

Сиздерди "Автоинспекциянын реформаланышы. КР жолдорунун коопсуздугу" деп аталган тегерек столго чакырабыз.

Иш-чара 16-ноябрь күнү саат 11.00дө Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өтөт.

Ички иштер органдарынын бөлүктөрүн реформалоо боюнча эксперттик топтун жетекчиси Тамерлан Ибраимов президент Сооронбай Жээнбековго аталган топ Бишкекте кайгуул милициясын түзүү боюнча сынамык долбоорду ишке киргизүүнүн планын иштеп чыкканын маалымдаган.

Автоинспекция ушуну менен бешинчи ирет реформаланууда. Кезектеги аракет эмне берет жана жол коопсуздугун күчөтүү үчүн эмне кылуу керек? Бул маселелерди тегерек столдун төмөнкү катышуучулары талкууламакчы:

  • Өкмөт аппаратынын коргоо, тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өкүлү;
  • Тамерлан Рыспекович ИБРАИМОВ — ички иштер органдарынын бөлүктөрүн реформалоо боюнча эксперттик топтун жетекчиси;
  • Азият Жыпарович ЖЕКШЕЕВ — журналист;
  • Жогорку Кеңештин депутаттары;
  • ИИМдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчилиги;
  • Александр Леонидович ЗЕЛИЧЕНКО — 40 жылдык иш тажрыйбасы бар милиция полковниги.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунун дареги: Бишкек шаары, Эркиндик проспектиси- 46 (Чүй проспектиси менен кесилишет). ЖМКларды каттоо жеринде редакциялык күбөлүк менен жүргүзүлөт.

Маалымат борбордо боло турган иш-чара тууралуу кошумча маалыматты +996 312 98-60-27, +996 312 98-69-47 телефондору аркылуу алсаңыздар болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0