Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Пресс-борбор

Белгилүү фигурист Илья Авербухтун мультимедиалык маалымат жыйыны

© Sputnik / Владимир Трефилов / Медиабанкка өтүүРоссиялык белгилүү фигурист Илья Авербух. Архив
Россиялык белгилүү фигурист Илья Авербух. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чара 13-ноябрь күнү саат 16.00дө Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өтөт.

Урматтуу кесиптештер!

Сиздерди белгилүү фигурист Илья Авербухтун мультимедиалык маалымат жыйынына чакырабыз.

Олимпиада оюндарында, дүйнө чемпионаттары менен Европада ийгилик жараткан фигуристтер Илья Авербух менен Максим Маринин журналисттер менен жолугушуу өткөрөт.

Катышуучулар "Чыныгы фигурист болуш үчүн эмне кылыш керек, беделдүү мелдештерде алдыңкы орунга суурулуп чыгыш үчүн кандай сапаттарга ээ болуу зарыл, чоң спорттон кеткен жылдыздар эмне менен алектенет?" деген сыяктуу бир топ суроолорго жооп беришет.

Минск:

— Советтер Союзунун жана Россиянын фигуристи, Олимпиада оюндарынын, дүйнөнүн жана Европанын чемпиону, режиссер, хореограф жана муз үстүндөгү шоулардын продюсери Илья Авербух.

Москва:

— Россиялык белгилүү фигурист, Олимпиада оюндарынын чемпиону, дүйнөнүн жана Европанын чемпиону Максим Маринин.

Ал эми Бишкек менен Таллинде ЖМКнын өкүлдөрү катышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0