Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Пресс-борбор

КРдеги учактардын коопсуздугу жана авиабилеттердин баасы жөнүндө тегерек стол

© Sputnik / Азат АкаевМодернизация международного аэропорта "Манас"
Модернизация международного аэропорта Манас - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Урматтуу кесиптештер!

Иш-чара 19-октябрь күнү саат 11.00дө Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өтөт.

Сиздерди "КР учактары менен учуу кооптуубу? Коопсуздук жана авиабилеттердин баалары" аттуу тегерек столго чакырабыз.

Быйыл Кыргызстанда самолеттордун техникалык көйгөйлөрү, өзгөчө кырдаалдар тууралуу жаңылыктар көп жазыла баштады. Мисалы, 30-сентябрда Ошто учактын дөңгөлөктөрү жарылса, 15-октябрда Москвада "Эйр Манастын" самолету бузулуп калып Бишкекке уча албай калган. Ал эми 18-сентябрда президент Сооронбай Жээнбековго №1 борт эскиргендиктен аны алмаштыруу сунушу берилген.

6-октябрда болсо мамлекет башчы өлкөдө авиакаттамдардын коопсуздугун күчөтүү зарылдыгын билдирген.

Тегерек столдун катышуучулары эл ташыган учактардын коопсуздугун, авиабилеттердин баасын жана тейлөө сапатын талкуулашат.

Катышуучулар:

ТУРСУНБАЕВ Бахтияр Турдубаевич — Эл аралык "Манас" аэропортунун учактардын коопсуздугу боюнча дирекциясынын директорунун орун басары;

АБАКИРОВ Алымбай Бөрүбаевич — Жарандык авиацияны өнүктүрүү жана жарандык авиация агенттигинин укуктук колдоо бөлүмүнүн жетекчиси;

КОЖОБЕКОВ Рустам Бекжанович — Транспорттук прокуратуранын төрагасы;

ШАРШЕЕВ Сталбек Токтогулович — "Авиа Траффик компанинин" коопсуздук боюнча инспекциясынын начальниги;

ЕКИМОВСКИЙ Ян Александрович — "Tez Jet" авиакомпаниясынын аткаруучу директору;

АРЫНОВ Данияр Акматбекович — "Эйр Манас" авиакомпаниясынын финансы боюнча директорунун орун басары;

АБЖАЛИЕВ Алиярбек Токобекович — Жогорку Кенештин депутаты;

ПИРМАТОВ Исхак Айтбаевич — Жогорку Кенештин депутаты;

КАЗАКОВ Руслан Темирович — Монополияга каршы мамлекеттик агенттигинин Чөйрөнү жөнгө салуу башкармалыгынын башкы адиси;

ИБРАИМОВА Гүлзада Идирисовна — Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын алдындагы Транспорт коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынын начальниги.

Жаңылыктар түрмөгү
0