Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Пресс-борбор

Жакыр үй-бүлөлөргө берилип жаткан жардам тууралуу брифинг

© Sputnik / Табылды КадырбековАйыл жергесиндеги турак үй. Архив
Айыл жергесиндеги турак үй. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чара 9-октябрда саат 11:00 Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өтөт.

Урматтуу кесиптештер!

Сиздерди "Жакыр үй-бүлөлөргө жардам. Россиянын элчиси менен БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын башчысы Кыргызстандагы долбоор жөнүндө" аттуу брифингге чакырабыз.

Иш-чара 9-октябрда саат 11:00дө Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өтөт.

Россия Бириккен Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын долбоорун колдоо үчүн каражат бөлүп жатат.

Анын жардамы менен бүгүнкү күнү белгиленген айылдардагы үй-бүлөлөрдүн 82 пайызы "эл фермердик менен алектенет" аттуу долбоордун алкагында киреше таап жатат. Миңден ашык чакырым жерге суу куурлары салынды, 6 миллиондон ашык дарак отургузулуп, 555 көпүрө салынды.

Долбоордун таасирлүүлүгүн баалап, Россия 8 миллион долларлык жаңы грант бөлүп жатат.

Бул каражат кайсы багытка колдонулат? Долбоор боюнча кандай иштер жасалды?

Кыргызстанга берилип жаткан жардам тууралуу төмөнкү катышуучулар айтып берет:

КРУТЬКО Андрей Андреевич — Россия Федерациясынын Кыргызстандагы толук ыйгарым укуктуу элчиси;

АНДРЕА Баньоли — БУУнун Дүйнөлүк тамак-аш программасынын Кыргызстандагы директору.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунун дареги: Бишкек шаары, Эркиндик проспектиси 46, (Чүй проспектиси менен кесилишет). ЖМКларды каттоо жеринен редакциялык күбөлүк менен жүргүзүлөт.

Маалымат борбордо боло турган иш-чара тууралуу кошумча маалыматты +996 312 98-60-27, +996 312 98-69-47 телефондору аркылуу алсаңыздар болот.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунун анонсторун алып туруу үчүн a.valiev@sputniknews.com жазыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0