Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Пресс-борбор

"Порноиндустрияга өспүрүмдөр тартылууда. Кыргызстандагы вебкаминг көйгөйү"

© AFP / Daniel LEAL-OLIVASВеб-камера. Архив
Веб-камера. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тегерек стол 15-август күнү саат 11.00дө Sputnik Кыргызстандын мультимедиалык маалымат борборунда өтөт.

Урматтуу кесиптештер!

Сиздерди "Порноиндустрияга жашы жете электер тартылууда. Кыргызстандагы вебкаминг көйгөйү" аталышындагы тегерек столго чакырабыз.

Иш-чара 15-август күнү саат 11.00дө Sputnik Кыргызстандын мультимедиалык борборунда өтөт.

Бишкек шаарында вебкам-студиялар көп жолу ачылып, милиция кызматкерлери уюштуруучуларды колго түшүргөн. Жашы жете элек кыздардын вебкам-модель болуп иштеген учурлары катталган.

ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын маалыматына ылайык, Кылмыш жаза кодексинде вебкам-кызматын уюштургандардын жоопкерчилиги каралган берене жок. Абалды жөнгө салуу үчүн Ички иштер министрлиги мыйзамга өзгөртүү киргизүү демилгесин көтөрүп чыгууга дилгир.

Бүгүнкү күндө бул багытта милиция кандай иштерди жасап жатат? Кыздарды вебкамдан оолак кылуу үчүн эмне кылуу керек? Интернет айдыңындагы сойкулукту уюштургандардын жоопкерчилигин жогорулатуу үчүн ИИМ кайсы мыйзамдарды өзгөртүүнү демилгелөөдө? Иш-чарада ушул жана башка маселелер талкууланат.

Катышуучулар:

ЖАНАЛИЕВ Азамат Токторбекович — ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын ыкчам кызматкери;

НОРУЗБАЕВА Бактыгуль Шабдановна — Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Маалымат департаментинин директору;

МАСАЛИЕВ Исхак Абсаматович — Жогорку Кеңештин депутаты;

ЭРАЛИЕВА Айканыш Марсовна — психолог;

СҮЙҮМБАЕВА Асель Таласовна — мектеп психологу;

КИМ Марина Александровна — журналист;

МИНБАЕВА Асель Муктаровна — журналист;

ДУДИН Михаил Александрович — IT-адис.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борбору: Бишкек шаары, Эркиндик проспектиси, 46 (Чүй проспектиси менен кесилишет).

ЖМК өкүлдөрү редакциялык күбөлүктөрү менен каттала алат.

Иш-чаралар тууралуу кошумча маалымат алуу үчүн байланыш телефондор: +996 312 98-60-27, +996 312 98-69-47.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда болуучу жыйындардын анонсу боюнча маалыматтарды алып туруу үчүн a.valiev@sputniknews.com дарегине кат жиберсеңиз болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0