Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Пресс-борбор

"Жоголуп бараткан кыргыз дөбөтүнүн тукумун кантип көбөйтүп жатышат"

© AFP / Vyacheslav OSELEDKOСобачьи бои в Бишкеке
Собачьи бои в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек — Ереван — Астана видео көпүрөсү 25-июлда саат 14.00дө Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өтөт.

Өлкөдө кыргыз дөбөтү тукумундагы улуттук иттерди көбөйтүү аракети жасалууда. Мындай иттер чыдамкайлыгы жана тайманбастыгы менен айырмаланат. Кыргыз дөбөтүн каалаган багытта үйрөтсө болот. Кааласа үй кайтартып, кааласа жан сакчы кылып да алып жүрсө болот. Ошондой эле, тоолуу аймакта мал кайтартса чабанга жакшы жардамчы боло алат. Суукка чыдамдуу, көп убакытка чейин тамак ичпей жүрө берет. Карышкыр менен алышууга дагы жөндөмдүү. Совет доорунда кутурма оорусунан улам мындай тукумдагы иттер атып жок кылынган. Азыр Кыргызстан боюнча кыргыз дөбөтүнүн саны эки жүзгө чукулдайт.

Эми бул породадагы иттерге кызыгуу күчөй баштады. Активисттер таза кандуу дөбөттөрдү көбөйтүү менен алектенүүдө.

Иш-чаранын катышуучулары кыргыз дөбөтүн сактоо, мурдагы СССР өлкөлөрүндө кайра калыбына келтирүү, анын өзгөчөлүктөрү жана кырдаалдан чыгуу жолдорун айтып беришет.

ЖМКнын өкүлдөрүнө чанда кездештекен тукумадагы иттин күчүгүн көрүп, сүрөткө түшүү мүмкүнчүлүгү түзүлөт.

Катышуучулар:

Бишкекте:

Таалайбек Эсенбекович Обозбеков — "Кыргыз дөбөтү" федерациясынын мүчөсү.

Астанада:

Инна Алексеевна Назаренко — "Кансонар" мергенчилик чарбасы жана мергенчилердин бириккен коомдук республикалык ассоциациясынын башкы кинологу.

Ереванда:

Виолетта Габриелян — Армениянын кинологдор союзунун президенти, Эл аралык категориядагы эксперт (өзүнүн иттери менен катышат).

Заза Омаров — Грузиянын кинология федерациясынын башкы катчысы, FCI эл аралык эксперт.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунун дареги: Бишкек шаары, Эркиндик проспектиси, 46 (Чүй проспектиси менен кесилишет).

Жаңылыктар түрмөгү
0