Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Пресс-борбор

Дарыгерликке окуган студенттердин билим алуусу 11 жылга узарганы талкууланат

© Sputnik / Сергей Пятаков / Медиабанкка өтүүМикроскоп. Архив
Микроскоп. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Урматтуу кесиптештер!

Сиздерди "Медик-студенттердин окуусун 11 жылга узартышты, өкмөт бул сунушту өзгөртө алабы" деп аталган тегерек столго чакырабыз.

Иш-чара 2-июлда саат 11:00дө Sputnik Кыргызстандын мультимедиалык маалымат борборунда өтөт.

Өкмөт медициналык билим алуунун мөөнөтүн тармакка карата 8 жылдан 9-10 жылга чейин узартты. Студенттер медициналык окуу жайда алты-жети жыл билим алгандан кийин ординатурада дарыгерликтин жалпы практикасында дагы бир жыл акы төлөп окууга милдеттендирилген. Андан кийин медик-студенттер кесиптик тармагы менен дагы 2-3 жыл билим алышы керек.

Бул токтом студенттер менен алардын ата-энесинин нааразылыгын пайда кылып, билим берүүнү мурдагы шарттарын кайтарууну талап кылууда.

Тегерек столдун катышуучулары өкмөттүн аталган токтомду жокко чыгаруу мүмкүнчүлүгүн талкуулап жана ординатураны жакшыртуу боюнча өздөрүнүн сунуштарын айтат.

Катышуучулар:

ИСМАИЛОВА Аида Жекшенбаевна — Жогорку Кеңештин депутаты, Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин мүчөсү;

БАТЫРАЛИЕВ Талант Абдуллаевич — Саламаттык сактоонун мурдагы министри;

ЕШХОДЖАЕВА Анара Сагынбаевна — өкмөттүн социалдык жактан өнүктүрүү бөлүмүнүн саламаттыкты сактоо боюнча эксперти;

ЖУСУПБЕКОВА Нурида Эркинбековна — Саламаттык сактоо министрлигинин Кадрдык иш жана билим берүү башкармалыгынын бөлүм башчысы;

БРИМКУЛОВ Нурлан Нургазиевич — Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын үй-бүлөлүк медицина боюнча кафедрасынын жетекчиси;

ЗАРИФЬЯН Анэс Гургенович — Кыргыз-славян университетинин медицина факультетинин деканы;

Адистикти жогорулатуу жана кайра даярдоо боюнча Кыргыз мамлекеттик медицина институтунун өкүлү;

КОТЕНЯТКИНА Александра Александровна — медицина факультетинин студенти.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борбору: Бишкек шаары, Эркиндик проспектиси, 46 (Чүй проспектиси менен кесилишет).

Катталуу телефондору: +996 312 98-69-38; +996 312 98-69-44.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда болуучу жыйындардын анонсу боюнча маалыматтарды алып туруу үчүн a.valiev@sputniknews.com дарегине кат жиберсеңиз болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0