Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Пресс-борбор

Анонимдүү аракечтер ачыкка чыгат. Ичкиликке каршы күрөшүүдө абал кандай

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүПитейные заведения Москвы
Питейные заведения Москвы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маалымат жыйын Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык борборунда өтөт.

Урматтуу кесиптештер!

Сиздерди "Анонимдүү аракечтер ачыкка чыгат" аттуу маалымат жыйынга чакырабыз.

Өлкөдө жакыр жана колунда бар үй-бүлө мүчөлөрү аракечтик менен жабыркаган учурлар арбын. 1996-жылдан бери ичимдиктен баш тарткан адамдар бул дартка кабылгандарга жардам берип келишет. Белгилүү убакыт аралыгында активисттер канчалаган кыргызстандыктардын өмүрүн сактап калды.

Заманбап медицина бул ыкманы колдоп келет. Анын расмий аталышы — "Тең теңи менен". Ошол эле учурда ичимдик менен жабыркаган аялдардын дагы саны өсүүдө. Бейтаптарды кабыл алууга палаталарда орун жокко эсе.

Активисттер менен медиктер ичкиликке каршы күрөш жана өлкө ичиндеги абал тууралуу айтып беришет.

Катышуучулар:

Анонимдүү аракечтер коомунун мүчөлөрү.

Станкулов Алмаз Сабырбекович — Республикалык наркология борборунун өкүлү.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борбору: Бишкек шаары, Эркиндик проспектиси, 46 (Чүй проспектиси менен кесилишет).

Катталуу телефондору: +996 312 98-69-38; +996 312 98-69-44. Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда болуучу жыйындардын анонсу боюнча маалыматтарды алып туруу үчүн a.valiev@sputniknews.com дарегине кат жиберсеңиз болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0