Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Пресс-борбор

Кыргызстандын медицинасына 140 жыл. Мааракеге арналган маалымат жыйын

© Sputnik / Табылды КадырбековЛоготип Министерства здравоохранения
Логотип Министерства здравоохранения - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Урматтуу кесиптештер! Кыргыз медицинасынын 140 жылдыгына байланыштуу маалымат жыйынга чакырабыз. Иш-чара 14-июнда саат 10:00дө Sputnik Кыргызстандын мультимедиалык борборунда өтөт.

..1878-жылы Пишпек шаарында бир бейтап жата турган тунгуч жай — азыркы Улуттук госпиталдын ошол кездеги баштапкы орду пайда болгон. Ошентип 140 жыл илгери Кыргызстанда медицина пайда болгон.

Маалымат жыйында атактуу жана көп жылдык тажрыйбасы бар дарыгерлер Кыргызстанда медицина кантип, кандай деңгээлде өнүккөндүгүн жана анын бүгүнкү абалы тууралуу айтып беришет.

Кеп медицинадагы көйгөйлөр боюнча гана жүрбөстөн, өлкө сыймыктана ала турган жактары туурасында да болот. Техникалык жактан чабал жабдылганы менен Улуттук госпиталдын дарыгерлери мээге жана ички органдарга да оор операцияларды жасап келет. Мындан сырткары, кыргызстандык медиктер жыныс алмаштырган учурлар бар.

Маалымат жыйынга катыша тургандар:

АТАБЕКОВА Мавлюда Акимжановна — Улуттук госпиталдын гастроэнтерология жана профпатология боюнча бөлүмүнүн жетекчиси;

ТОКТОМУШЕВ Чоро Тукешович — №1 Неврология боюнча бөлүмдүн жетекчиси, Саламаттык сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы неврологу;

МАМЫТОВ Миталип Мамытович — Кыргызстандын баатыры, КРдин эмгек сиңирген дарыгери жана илимдин ишмери. "Даңк" медалынын жана Эл аралык Кембридж университетинин биографиялык борборунун "Миллиондун бири" деп аталган алтын медалынын ээси;

САДЫРБЕКОВ Нурбек Жеңишбекович — №1 Урология боюнча бөлүмдүн жетекчиси, медицина илимдеринин доктору.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунун дареги: Бишкек шаары, Эркиндик проспектиси, 46 (Чүй проспектиси менен кесилишет).

ЖМКларды каттоо жеринде жүргүзүлөт. Кошумча маалымат үчүн +996 312 98-69-47, +996 312 98 69 44 телефондоруна чалыңыз.

Sputnik Кыргызстан агенттигинде боло турчу маалымат жыйындары, чогулуштар тууралуу маалымат алып турам десеңиз m.elebesov@sputniknews.com электрондук дарегине жазып коюңуз.

Жаңылыктар түрмөгү
0