Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Пресс-борбор

Банк системасынын жалпы принциптери — окуучулар менен адистердин жолугушуусу

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүДоллары США
Доллары США - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Урматтуу кесиптештер!

Сиздерди мектеп окуучулары менен төлөм системаларын башкаруу боюнча банк адистеринин жолугушуусуна чакырабыз.

Иш-чара 18-май күнү саат 11.00дө SputnikBilim билим берүү долбоорунун алкагында Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өтөт.

Адистер окуучуларга банк системасынын жалпы принциптери, карта жана алардын түрлөрү менен келип чыгуу тарыхы тууралуу айтып беришет. Ошондой эле балдар банк иши боюнча билимин текшерүү үчүн атайын тесттен да өтө алышат.

Катышуучулар:

Мээрим СУЛЕЙМАНОВА — коммерциялык банктын адам ресурстары боюнча окуу борборунун жетекчиси;

Чолпон СҮЙҮНБЕКОВА — коммерциялык банктын төлөм системасы боюнча башкармалыгынын адиси;

Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунун дареги: Бишкек шаары, Эркиндик проспектиси, 46 (Чүй проспектиси менен кесилишет).

Катталуу үчүн +996 312 98-60-27, +996 312 98-69-47 телефондоруна чалыңыз.

Sputnik Кыргызстан агенттигинде боло турчу маалымат жыйындары, чогулуштар тууралуу маалымат алып турам десеңиз a.valiev@sputniknews.com электрондук дарегине жазып коюңуз.

Жаңылыктар түрмөгү
0