19:17 16 Тогуздун айы 2018
Түз эфир
  • USD69.3432
  • EUR80.3514
  • RUB1.0582
1.1 Studio борборунун креативдүү продюсери, Азия MIX КВН командасынын мүчөсү Ростислав Ященко. Архив

"Азия MIX" командасынын мүчөсү Ростислав Ященко окуучулар менен жолугат

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Пресс-борбор
Кыскача шилтеме алуу
41 0 0

Урматтуу кесиптештер!

Сиздерди окуучулар менен кыргызстандык юморист, "1.1 Studio" борборунун креативдүү продюсери, "Азия MIX" КВН командасынын мүчөсү Ростислав Ященко менен жолугушуусуна чакырабыз.

Иш-чара 18-май күнү саат 14.00дө SputnikBilim билим берүү долбоорунун алкагында Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өтөт.

Ростислав окуучуларга өзүнүн чыгармачылык жолу, юмор жана максатка жетүүдө билимдин мааниси тууралуу айтып берет.

Катышуучулар:

Ростислав ЯЩЕНКО — кыргызстандык юморист, "1.1 Studio" борборунун креативдүү продюсери, "Азия MIX" КВН командасынын мүчөсү;

Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунун дареги: Бишкек шаары, Эркиндик проспектиси, 46 (Чүй проспектиси менен кесилишет).

Катталуу үчүн +996 312 98-60-27, +996 312 98-69-47 телефондоруна чалыңыз.

Sputnik Кыргызстан агенттигинде боло турчу маалымат жыйындары, чогулуштар тууралуу маалымат алып турам десеңиз a.valiev@sputniknews.com электрондук дарегине жазып коюңуз.

Белгилер:
SputnikBilim, маалымат жыйын, Sputnik Кыргызстан
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ