Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Пресс-борбор

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык кандай

© Sputnik / Табылды КадырбековДүйнөлүк көчмөндөр оюндарын ачылыш аземи
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын ачылыш аземи - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чара 16-майда саат 14:00дө Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өтөт.

Урматтуу кесиптештер!

Сиздерди "Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү жана Ысык-Көлдө көчмөндөр айылын куруу" аттуу видео-маалымат жыйынына чакырабыз.

Иш-чара 16-майда саат 14:00дө Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өтөт.

Катышуучулар Көчмөндөр оюндарындагы мелдештердин форматын, көчмөн элдин салтын жандандыруу жана Ысык-Көл облусуна Көчмөн маданияты шаарчасынын курулушун талкуулашат.

Катышуучулар:

Бишкектен:

— Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Канат АМАНКУЛОВ.

Москвадан:

— КР Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Айнура ТЕМИРБЕКОВА;

— Кыргызстандын Россиядагы элчиси Болот ОТУНБАЕВ.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунун дареги: Бишкек шаары, Эркиндик проспектиси, 46 (Чүй проспектиси менен кесилишет).

Катталуу үчүн +996 312 98-60-27, +996 312 98-69-47 телефондоруна чалыңыз.

Sputnik Кыргызстан агенттигинде боло турчу маалымат жыйындары, чогулуштар тууралуу маалымат алып турам десеңиз a.valiev@sputniknews.com электрондук дарегине жазып коюңуз.

Жаңылыктар түрмөгү
0