Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Пресс-борбор

"Фронттук түгөлдөө" аттуу видеокөпүрө

© Sputnik / Сергей Мальгавко / Медиабанкка өтүүСогуш ардагеринин ордендери. Архив
Согуш ардагеринин ордендери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чара 8-майда 14:00дө Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өтөт.

Урматтуу кесиптештер,

Сиздерди "Фронттук түгөлдөө" аттуу видеокөпүрөгө чакырабыз.

Иш-чара 8-майда 14:00дө Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өтөт.

Жеңиш күнүнүн алдында Белоруссиядагы, Кыргызстан, Армения, Молдовадагы, Грузиядагы, Эстониядагы, Азербайжандагы Sputnik маалымат агенттиктеринин маалымат борборлорунда ата мекендик согуштун катышуучуларынын урпактары чогулат.

Алар түрдүү фронттордо кызмат өтөгөн аскер жана офицер бабалары кантип согушканын, эрдиги жана алардын тагдыры тууралуу айтып бермекчи.

Катышуучулар:

Бишкектен катыша тургандар:

"Өлбөс полк – Кыргызстан" коомдук штабынын мүчөсү Таалайбек Сагынов, журналист-блогер, Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Асел Минбаева.

Москвадан:

Федерация кеңешинин эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Владимир Михайлович Джабаров;

генерал-майор, РФтин эмгек сиңирген учкучу Владимир Александрович Попов;

тарыхчы Армен Сумбатович Гаспарян.

Минскиден:

Белоруссиянын Улуттук жыйынынын республикалык кеңешинин аймактык саясат жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу туруктуу комиссиясынын төрагасынын орун басары, "Белая Русь" республикалык коомдук бирикмесинин төрагасы Геннадий Давыдько;

Белоруссиянын Либерал-демократиялык партиясынын төрагасынын орун басары Олег Гайдукевич.

Еревандан:

Темир жолчу Ваге Амбарцумян.

Таллин шаарынан:

Улуу Ата мекендик согуштун катышуучусу Иосиф Самойлович Шиндер;

архитектор, Таллин шаарындагы орус музейинин мурдагы директору Лариса Ушничкова.

Кишиневден:

"Победа" улуттук координациялык комитетинин төрагасы Алексей Петрович.

Бакудан:

Азербайжандык белгилүү блоггер Нателла Керимова.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунун дареги: Бишкек шаары, Эркиндик проспектиси, 46 (Чүй проспектиси менен кесилишет).

Катталуу үчүн +996 312 98-60-27, +996 312 98-69-47 телефондоруна чалыңыз.

Sputnik Кыргызстан агенттигинде боло турчу маалымат жыйындары, чогулуштар тууралуу маалымат алып турам десеңиз a.valiev@sputniknews.com электрондук дарегине жазып коюңуз.

Жаңылыктар түрмөгү
0