Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Пресс-борбор

ЖМКнын маалыматтарын интернетте алдыңкы сапка чыгаруу

Жазылуу
Иш-чара 2-майда саат 16:00дө Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өтөт.

Урматтуу кесиптештер!

Сиздерди "ЖМКнын маалыматтарын интернетте (Google, Yandex ж.б.) алдыңкы сапка чыгаруунун жол-жобосу" аттуу мастер-класска чакырабыз.

Иш-чара 2-майда саат 16:00дө Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өтөт. Ал SputnikBilim билим берүү долбоорунун алкагында уюштурулууда.

Михаил Дудин шаардагы жогорку окуу жайлардын студенттерине маалыматтарды издөө системасынан (SEO) кантип алдыга чыгаруу керектигин айтып берет.

Катышуучулар:

Михаил ДУДИН — Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосунун SEO боюнча адиси.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунун дареги: Бишкек шаары, Эркиндик проспектиси, 46 (Чүй проспектиси менен кесилишет).

Катталуу үчүн +996 312 98-60-27, +996 312 98-69-47 телефондоруна чалыңыз.

Sputnik Кыргызстан агенттигинде боло турчу маалымат жыйындары, чогулуштар тууралуу маалымат алып турам десеңиз a.valiev@sputniknews.com электрондук дарегине жазып коюңуз.

Жаңылыктар түрмөгү
0