Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Пресс-борбор

"Өлбөс полк: ар өлкөдө бирдиктүү марш менен" аттуу видеокөпүрө

© Sputnik / Табылды КадырбековАкция "Бессмертный полк" в Бишкеке
Акция Бессмертный полк в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чара 26-апрелде саат 16:00дө Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өтөт.

Урматтуу кесиптештер!

Сиздерди "Өлбөс полк: ар өлкөдө бирдиктүү марш менен" аттуу видеокөпүрөгө чакырабыз.

Иш-чара 26-апрелде саат 16:00дө Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өтөт.

9-майда бир катар өлкөлөрдө салтка айланып калган "Өлбөс полк" акциясы өтөт. Бул күнү жарандар Улуу Ата Мекендик согуш учурунда душманга каршы согушкан, оорукта эмгектенген туугандарынын сүрөтүн көтөрүп алып жөө жүрүшкө чыгат.

Бул акция ар бир мамлекетте кандай уюштурулат, ага кимдер катыша турганын уюштуруучулар айтып беришет.

Бишкектен катыша тургандар:

"Өлбөс полктун" Бишкек боюнча координатору Зульфира Шарафовна ХАЙБУЛЛИНА;

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Алмаз Муканович КЕНЕНБАЕВ.

Москвадан:

СССРдин эл артисти, "Россиянын өлбөс полку" жалпы россиялык жарандык-патриот кыймылынын тең төрагасы Василий ЛАНОВОЙ;

"Россиянын өлбөс полку" жалпы россиялык жарандык-патриот кыймылынын борбордук штабынын мүчөсү, "Россиянын издөө кыймылынын" жооптуу катчысы Елена ЦУНАЕВА;

"Россиянын өлбөс полку" жалпы россиялык жарандык-патриот кыймылынын борбордук штабынын мүчөсү, Краснодар крайындагы аймактык штабдын төрагасы Борис ЛЕВИТСКИЙ.

Минскиден:

Россия Федерациясынын Белоруссиядагы элчилигинин россиялык мекендештер коомдук бирикмесинин координациялык кеңешинин төрагасы Андрей ГЕРАЩЕНКО;

Минск шаарында "Өлбөс полк" акциясын уюштуруучу, Белоруссия өкүлдөрү палатасынын биринчи чакырылышынын депутаты.

Кишинев шаарынан:

Молдованын россиялык мекендештер координациялык кеңешинин төрагасы Петр ДОНЦОВ.

Таллинн шаарынан:

"Европадагы россиялык мекендештер" коомдук уюмунун төрагасы Сергей ЧАУЛИН;

"Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын урпактары" бирикмесинин өкүлү Андрей ГОНЧАРОВ.

Цхинвал шаарынан:

Маданият министри, "Өлбөс полк" акциясын уюштуруучу Жанна ЗАССЕЕВА.

Sputnik Кыргызстан мультимедиалык маалымат борборунун дареги: Бишкек шаары, Эркиндик проспектиси 46 (Чүй проспектиси менен кесилишет). ЖМК өкүлдөрү иштеген жеринен берилген күбөлүктөрү менен гана каттоодон өткөрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0