Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Пресс-борбор

Жок болуп бара жаткан жаныбарларды тукум курут кылууга коррупциянын тасири

Жазылуу
Иш-чара 10-апрель күнү саат 11.00дө Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиялык маалымат борборунда өтөт

Урматтуу кесиптештер!

Сиздерди "Жок болуп бара жаткан жаныбарларды тукум курут кылууга коррупция кандай таасир этип жатат. Бул маселеге коопсуздук кеңешинин кызыгышы" аттуу тегерек столго чакырабыз.

Иш-чара 10-апрель күнү саат 11.00дө Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өтөт.

Белгилүү экологдор менен Жогорку Кеңештин депутаттары аңчылыктын пайдасын жогорку кызматтагы аткаминерлер менен аңчылык боюнча чарбалар көрүп жатканын айтып келишет.

2017-жылы Жогорку Кеңеш сейрек жаныбарларга аңчылыкты токтотуу тууралуу мыйзам долбоорун кабыл алуудан баш таркан. Браконьерлер менен күрөштү күчөптөөгө ким кызыкдар? Бул жаатта кандай коррупциялык схема иштеп жатат? Экологиялык теңдикти сактап калуу үчүн мамлекеттик органдар кандай иштерди кылып жатат? Ушул жана башка суроолор боюнча уюштурулган тегерек столго төмөндөгү адистер катышат:

БУСУРМАНКУЛОВ Жаныш Жусупович — КРдин Коопсуздук кеңешинин инспектору;

БЕКЕШЕВ Дастан Далабаевич — Жогорку Кеңештин депутаты, сейрек жаныбарларга аңчылыкты токтотуу тууралуу мыйзам долбоорунун демилгечиси;

ДАВЛЕТБАКОВ Аскар Темирбекович — КРдин Улуттук илимдер академиясынын Биология жана топурак таануу институтунун Зоология лабораториясынын жетекчиси;

ОСТАЩЕНКО Анатолий Николаевич — КРдин Улуттук илимдер академисынын Биология жана топурак таануу институтунун Зоология лабораториясынын илимий кызматкери;

МУСАЕВ Алмаз Мустафаевич — Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктигинин жаратылыш ресурстарын рационалдуу колдонуу департаментинин директору;

МАМБЕТАЛИЕВ Кумар Абулкасымович — Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктигинин жаратылыш ресурстарын рационалдуу колдонуу департаментинин директорунун орун басары;

ШУКУРОВ Эмил Жапарович — эколог;

УШАКОВ Владислав Александрович — активист, фотожурналист.

КИРИЛЕНКО Анна Васильевна — "Биом" экологиялык кыймылынын аткаруучу директору.

Жаңылыктар түрмөгү
0