Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Пресс-борбор

Башкы прокуратура укук коргоо органдарындагы коррупция менен күрөшүү жөнүндө

Жазылуу
Иш-чара 30-мартта саат 11:00дө Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өтөт.

Урматтуу кесиптештер!

Сизди "Башкы прокуратура укук коргоо органдарындагы коррупция менен күрөшүү жөнүндө" аттуу маалымат жыйынга чакырабыз.

Иш-чара 30-мартта саат 11:00дө Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өтөт.

Өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков 8-февралда өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйынында коррупция менен күрөшүү максатына жетпей жатканын, прокуратура, соттор, финансы полициясы, улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жана ички иштер министрлиги өзү коррупциядан арыла албай жатканын баса белгилеген.

Жээнбеков ошондой эле анын дарегине мамлекеттик түзүмдөрдөн жана айыл өкмөттөрүнөн прокуратура органдарынын негизсиз текшерүүлөрү боюнча даттануулар келип жатканын да айткан.

Маалымат жыйындын катышуучулары Коопсуздук кеңишинин жыйынынан кийин укук коргоо органдарындагы коррупция менен болгон күрөш кандай жүрүп жатканын айтып беришет.

Катышуучулар:

ДҮЙШӨМБИЕВ Нурлан Касымбекович — КР Башкы прокурорунун орун басары;

АБЫШКАЕВ Марс Чубакович — КР Башкы прокуратурасынын ички тергөө бөлүмүнүн башчысы;

МОЛДОКМАТОВ Абай Молдокматович — КР Башкы прокуратурасынын тергөөнү көзөмөлдөө жана экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү органдарынын ыкчам-издөө бөлүмүнүн жетекчиси;

ХУРШУДОВ Арсланбек Яшаевич — коррупцияга каршы күрөшүү жана укук коргоо, юстиция органдарында, тышкы иштер жана коопсуздук жаатындагы мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө бөлүмүнүн жетекчиси.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунун дареги: Бишкек шаары, Эркиндик проспектиси, 46 (Чүй проспектиси менен кесилишет).

Катталуу үчүн +996 312 98-60-27, +996 312 98-69-47 телефондоруна чалыңыз.

Sputnik Кыргызстан агенттигинде боло турчу маалымат жыйындары, чогулуштар тууралуу маалымат алып турам десеңиз a.valiev@sputniknews.com электрондук дарегине жазып коюңуз.

Жаңылыктар түрмөгү
0