Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Пресс-борбор

Ысык-Көлдүн экологиялык көйгөйүнө арналган видеокөпүрө

© Фото / Влад УшаковТокой. Архив
Токой. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
10-январь күнү саат 11.00дө Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык борборунда "Өкмөттүн өкүлү Узарбек Жылкыбаев Ысык-Көлдүн экологиялык көйгөйлөрү тууралуу" деп аталган видеокөпүрө өтөт.

2017-жылы экологдор менен активисттер көлдүн жээгиндеги башаламан ташталган акыр-чикир, токойлордун кыйылышы, мыйзамсыз аңчылык боюнча коңгуроо кагып келишкен.

Премьер-министр Сапар Исаков териштирүү жүргүзүп, корукта бактардын кыйылышын токтотуу жана "мыйзам бузгандарга катуу чара көрүү" боюнча тапшырма берген.

Жылкыбаев браконьерлерге, токойлордун кыйылышына каршы жүргүзүлгөн иш-чаралар тууралуу айтып берип, 11 айдын жыйынтыгын чыгарат. Аны менен бирге облустагы туризм жаатындагы кырдаал тууралуу маалымат берет.

Караколдон катыша тургандар:

ЖЫЛКЫБАЕВ Узарбек Казиевич — өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү

Бишкектеги катышуучулар:

ЭЛЕМАНОВ Өмүрбек Илиясович — эколог;

Туризм департаментинин өкүлү.

Жаңылыктар түрмөгү
0