Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Пресс-борбор

КРдеги жапайы жаныбарлардын контрабандасы. Ким көзөмөлдөйт?

© Фото / общественный фонд по защите снежных барсовГорный козел. Архив
Горный козел. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
12-декабрда саат 11.00дө Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда "КРдеги жапайы жаныбарлардын контрабандасы. Ким көзөмөлдөйт?" аталышындагы маалымат жыйын өткөрүлөт.

Бишкекте октябрь айынын акырында жарандар арстандын күчүгүн жетелеп жүргөн адамды көрүшкөн. Кийин ээсинин жапайы жаныбарды багууга уруксат кагазы жок экени аныкталып, жандык зоопаркка өткөрүлүп берилген. Дагы бир арстандын күчүгүн белгисиз адамдар зоопарк директорунун үйүнүн алдына таштап кетишкен. Кийинчерээк Экологиялык жана коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция Кыргызстанга контрабанда жолу менен киргизилген арстандардын саны көп болушу мүмкүн экенин жарыялаган.

Кыргызстанга жапайы жаныбарлардын контрабанда жана башка жолдор менен киргизилип жатканы тууралуу төмөнкү катышуучулар айтып берет:

ЖОЛДОШЕВ Шухрат Айтмаматович — өкмөттүн алдындагы Экологиялык жана коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын Геологиялык ресурстар боюнча бөлүмдүн жетекчиси;

ШЕРАЛИЕВА Гүлзат Жоробековна — Мамлекеттик бажы кызматынын алдындагы Бажы көзөмөл башкармалыгынын бөлүм башчысы;

ЖАЛБИЕВ Нурлан Касымович — Мамлекеттик чек ара кызматынын Чек араны көзөмөлдөө башкармалыгынын начальниги;

Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин өкүлү;

Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунун дареги: Бишкек шаары, Эркиндик проспектиси, 46 (Чүй проспектиси менен кесилишет).

Маалыматты чагылдырууну каалагандар +996 312 98-69-38; +996 312 98-69-44 телефондору аркылуу катталып, же a.valiev@sputniknews.com дареги аркылуу байланышуусу керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0