Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Пресс-борбор

КМШ өлкөлөрүндөгү диний экстремизм коркунучу

Жазылуу
Дүйшөмбү, 11-декабрда, саат 14.00дө Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда "КМШ өлкөлөрүндөгү диний экстремизм коркунучу" деген аталыштагы видео-көпүрө өткөрүлөт.

Диний экстремизм көбүнесе Борбор Азия, Россия, Азербайжан жана Грузияга коркунуч жаратып келет. Иш-чаранын алкагында Россиянын ТИМинин алдындагы Москва эл аралык мамилелер институтунун аналитикалык доклады окулат. Видео-көпүрөнүн катышуучулары экстремизмдин жайылуу көйгөйлөрүн талкуулап, аны чечүү жолдорун сунушташат.

Бишкектеги катышуучулар:

САРИЕВ Марс Осмонкулович — саясат таануучу, диний коопсуздук боюнча адис;

Москвадан:

КАЗАНЦЕВ Андрей — Россиянын ТИМинин алдындагы Москва эл аралык мамилелер институтунун Борбор Азия жана Афганистандын көйгөйлөрүн изилдөө борборунун директору;

ГУСЕВ Леонид — Россиянын ТИМинин алдындагы Москва эл аралык мамилелер институтунун Борбор Азия жана Афганистандын көйгөйлөрүн изилдөө борборунун илимий кызматкери;

МАСАУЛОВ Сергей — Кыргызстандагы Перспективдүү изилдөөлөр борборунун президенти;

Астанадан:

РЫСБЕКОВ Ерлан Тореханулы — Казакстандын аскер-стратегиялык изилдөө борборунун башкы адиси;

Еревандан:

— "Коом террорго каршы" коомдук бирикмесинин жетекчиси;

Минскиден:

ТИХАНСКИЙ Александр — социология илимдеринин кандидаты, доцент, коопсуздук боюнча адис.

Дарек: Бишкек, Эркиндик проспектиси, 46 (Чүй проспектиси менен кесилишет).

Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиялык маалымат борбору.

E-mail: a.valiev@sputniknews.com

Тел.: +996 312 98-69-38; +996 312 98-69-44.

Жаңылыктар түрмөгү
0