Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Пресс-борбор

Кереге кеңеш: Кыргызстандагы көп аял алуучулук

© Sputnik / Табылды КадырбековКол кармашкан жубайлар. Архив
Кол кармашкан жубайлар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Урматтуу кесиптештер, сиздерди "Кыргызстандагы көп аял алуучулук. Ага салынган тыюуну алып салыш керекпи же майзамды катуулатыш зарылбы" деп аталган кереге кеңешке чакырабыз.

Иш-чара 30-ноябрда 11:30 Sputnik Кыргызстан мультимедиалык маалымат борборунда өтөт.

Кыргызстандын мурдагы муфтийи Чубак ажы Жалилов өзүнүн кезектеги телеэфиринин учурунда экинчи аял алгандыгын, ал эми биринчи аялы менен ажырашпагандыгын айткан. Ал экинчи жубайын расмий документке каттатпастан, шарияттын мыйзамы менен нике кыйдыргандыгын кабарлаган. Бул маалымат социалдык тармакта ар кыл пикирлерди жаратты.

Акыркы мезгилде көп аял алуучулук кыргыз коомунда кадимки эле көрүнүш деген түшүнүктү калыптандыруу аракети жүрүп жатат деген пикирлер айтылып келет.

Кереге кеңештин катышуучулары көп аял алуучулук боюнча кырдаалды талкуулап, ага укуктук, юридикалык баасын берип, бул жаатта өздөрүнүн сунуштарын айтышат.

Кереге кеңештин катышуучулары:

Жамал Фронтбек кызы — "Мутакаллим" коомдук уюмунун жетекчиси;

Өкмөттүн алдындагы дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын өкүлү;

Кыргызстан дин иштери башкармалыгынын өкүлү;

Юстиция министрлигинин өкүлү;

Касымалиева Аида Камчыбековна — Жогорку Кеңештин депутаты.

Sputnik Кыргызстан мультимедиалык маалымат борборунун дареги: Бишкек шаары, Эркиндик проспектиси, 46 (Чүй проспектиси менен кесилишет).

Төмөнкү телефон аркылуу катталууга болот: +996 312 98-69-38; +996 312 98-69-44.

Sputnik Кыргызстан мультимедиалык маалымат борборунун анонсторуна жазылуу үчүн a.valiev@sputniknews.com электрондук дарегине кат жиберсеңиз болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0