Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Пресс-борбор

Кыргызстанда ичимдикке берилгендердин саны өсүүдө. Динамикасы жана алдын алуу

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүПитейные заведения Москвы
Питейные заведения Москвы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
1-ноябрь күнү саат 11.00дө Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин мультимедиалык борборунда "Кыргызстанда ичимдикке берилгендердин саны көбөйүүдө. Өсүү динамикасы жана алдын алуу маселеси" аттуу маалымат жыйыны өтөт.

2016-жылы ичимдиктин айынан Кыргызстанда 24 адам көз жумган. Наркологиялык каттоодо 33 562 адам турат. Алардын 80 пайызы ичимдикке берилгендер. Калгандары баңгизатын колдонгондор. Бирок көптөр анонимдүү түрдө дарыланарын эске алуу керек.

Катышуучулар ичимдикке берилгендердин сынынын өсүү динамикасын, баңгилик менен ичимдиктин алдын алуу аракети жөнүндө айтып беришет.

Катышуучулар:

  • КАДЫРОВА Тамила Мукашевна — Саламаттык сактоо министрлигинин психикалык саламаттык боюнча консультант;
  • БОРИСОВА Татьяна Викторовна – Саламаттык сактоо министрлигинин штаттан сырткаркы башкы наркологу;
  • АЛЫМКУЛОВА Ирина Юрьевна — Республикалык наркология борборунун медициналык психологиялык жардам көрсөтүү жана өспүрүмдөрдү реабилитациялоо борборунун жетекчиси;
  • БАКИРОВА Жылдыз Кадыркуловна — Республикалык наркология борборунун уюштуруу-методикалык бөлүмүнүн жетекчиси;

Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунун дареги: Бишкек шаары, Эркиндик проспектиси, 46 (Чүй проспектиси менен кесилишет).

Маалыматты чагылдырууну каалагандар +996 312 98-69-38; +996 312 98-69-44 телефондору аркылуу катталып, же a.valiev@sputniknews.com дареги аркылуу байланышуусу керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0