Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Пресс-борбор

"Оскарга" талапкер "Ата керээзинин" авторлору алгачкы маалымат жыйынын өткөрөт

© Sputnik / Табылды КадырбековОткрытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке
Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шаршемби, 19-октябрда, саат 11.00дө Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиялык маалымат борборунда "Оскар" сыйлыгынын тизмесине кирген "Ата керээзи" тасмасынын авторлору маалымат жыйын өткөрөт.

Келе турган коноктор жетишкен ийгиликтери, алдыга койгон пландары, башкы ролду жараткан каармандар менен тасманын өзгөчөлүктөрү жана кинопресса ассоциациясынын "Алтын глобус" сыйлыгын тапшыруу аземи тууралуу айтып беришет. Мындан тышкары, авторлор ата мекендик тасманын "Оскар" сыйлыгын алуу мүмкүнчүлүктөрүн төмөндөтүп жаткан коркунучтар тууралуу пикир бөлүшөт. 

Катышуучулар: 

  • Дастан Жапар уулу — режиссер;
  • Ыйманберди Мукул — актер;
  • Ника Жолдошева — продюсер. 

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн маалымат жыйынга катышууга чакырабыз. 

"Ата керээзи" — режиссер Бакыт Мукул менен Дастан Жапар уулу тарткан социалдык драма. Тасма кыргыз миграциясына гана тийиштүү болбостон бүткүл заманбап коомчулуктун көйгөйүн камтыйт. Сюжет кыргыздардын маданий мурасын сактоого чакырык жасап, тарбиялык маанайда тартылган. 

Тасма "Элфильм Студио" менен Төлөмүш Океев атындагы "Кыргызфильм" киностудиясында Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин каржылык колдоосунун негизинде тартылган. 

Дарек: Бишкек, Эркиндик проспектиси, 46 (Чүй проспектиси менен кесилишет).
Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиялык маалымат борбору.
E-mail: n.naizabekova@sputniknews.com
Тел.: +996 312 98-69-38

Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиялык маалымат борборунун анонстук жөнөтмөлөрүнө катталуу үчүн n.naizabekova@sputniknews.com электрондук дарегине билдирме жөнөтүңүздөр.

Жаңылыктар түрмөгү
0