Жапаров Токаев менен жолугуп, кыргызстандыктар үчүн чек араны ачууну өтүндү

© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевМинистрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.12.2021
Жазылуу
Пандемияга байланыштуу кыргызстандыктар Казакстанга автотранспорт менен бара албай жатат. Коңшу өлкөгө кирүү үчүн кымбат баадагы авиабилеттерди сатып алууга туура келүүдө.
БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Нур-Султанга болгон жумушчу сапарынын алкагында Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен жолукту. Бул тууралуу өкмөт билдирди.
© Фото / пресс-служба президента РКМинистрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Нур-Султанга болгон жумушчу сапарынын алкагында Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен жолукту
Рабочий визит главы кабинета министров КР Акылбека Жапарова в Нур-Султан - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Нур-Султанга болгон жумушчу сапарынын алкагында Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен жолукту
Жапаров жолугушуу учурунда чек араларды ачуу маселесин козгогон.
"Эки өлкө тең коронавируска каршы вакцинациянын паспортторун тааныганына байланыштуу Казакстандын чек араларын эмделген жарандар үчүн ачууга кол кабыш кылууну өтүнөм", — деген Жапаров.
Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев менен Нур-Султан шаарынын акими Алтай Кульгинов менен жолугушуу учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.12.2021
Бишкек менен Нур-Султан кызматташуу боюнча жол карта кабыл алды
Ал ошондой эле эки өлкөнүн дипломатиялык мамилелеринин түзүлгөнүнүн 30 жылдыгына карата бир катар иш-чаралар өтөрүн белгилеген. Тараптар энергетика, айыл чарба жана инвестиция маселелери боюнча кызматташууну талкуулашкан.
Токаев Кыргызстанда парламенттик шайлоонун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктап, бир тууган өлкөлөр ортосундагы кызматташууну өнүктүрүүгө басым жасаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0