Умтулууңузду баалайбыз. Владимир Путин Садыр Жапаровду куттуктады

© Sputnik / Михаил Метцель / Медиабанкка өтүүРоссия лидери Владимир Путин жана Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив
Россия лидери Владимир Путин жана Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.12.2021
Жазылуу
Путин конструктивдүү диалогдун жана эки тараптуу, аймактык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча биргелешкен тыгыз иштин улантылышына ишеним арткан.
БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Россия лидери Владимир Путин Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктаганын өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.
"Сиздин жетекчилигиңиз менен Кыргыз Республикасында өлкөдөгү саясий жана социалдык-экономикалык кырдаалды турукташтырууга багытталган маанилүү кайра куруулар ишке ашырылууда. Мамлекеттерибиздин союздаштык мамилелерин жана стратегиялык өнөктөштүгүн чыңдоого, ошондой эле евразиялык интеграциялык процесстерди, КМШ, ЖККУ жана ШКУ алкагындагы өз ара аракеттенүүнү илгерилетүүгө болгон умтулууңузду баалайбыз", — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.
Бүгүн Садыр Жапаров 53 жашка чыкты. Шаардыктардын куттуктоосу видеодо - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.12.2021
Бүгүн Садыр Жапаров 53 жашка чыкты. Шаардыктардын куттуктоосу видеодо
Путин конструктивдүү диалогдун жана эки тараптуу, аймактык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча биргелешкен тыгыз иштин улантылышына ишеним арткан.
Сөзүнүн соңунда Жапаровго чың ден соолук, бакубатчылык жана мамлекеттик ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады.
Белгилей кетсек, президент Жапаров бүгүн 53 жашка толду. Бул күндү утурлай Sputnik Кыргызстан агенттиги шаардыктардын өлкө башчысына арналган каалоо-тилегин укту.
Жаңылыктар түрмөгү
0