Путин Жапаровду парламенттик шайлоонун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктады

© Sputnik / Алексей Никольский / Медиабанкка өтүүРоссиянын президенти Владимир Путин. Архив
Россиянын президенти Владимир Путин. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.12.2021
Жазылуу
Телефон менен сүйлөшүүдө Путин Садыр Жапаровду келе жаткан туулган күнү менен да куттуктап кеткен.
БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров менен Россиянын президенти Владимир Путин телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, 2022-жылы Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикке төрагалык кылат. Телефон аркылуу сүйлөшүүдө президенттер кызматташууну өнүктүрүүнү талкуулашты.
Жогорку Кеңештин VII чакырылышына кимдер келе жатат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.12.2021
Жогорку Кеңешке келчүлөр сүрөттө. Кол санактын алдын ала жыйынтыгы
Сүйлөшүүдө Жапаров элдин эрки менен өткөн парламенттик шайлоо тууралуу айтып берип, Россияга шайлоолорго байкоочу катары активдүү катышып, мекендештердин добуш берүүсүн уюштуруудагы көмөгү үчүн ыраазычылык билдирген. Ошондой эле "Спутник-лайт"  вакцинасынын кезектеги партиясын жеткиргендиги үчүн рахматын айткан.
Өз кезегинде Путин Жапаровду шайлоону ийгиликтүү өткөрүшү менен куттуктап, Кыргызстан элинин бакубаттуулугу үчүн өлкөнүн мындан аркы социалдык-экономикалык өнүгүүсүн каалаган. Ошондой эле Жапаровду келе жаткан туулган күнү менен куттуктаган. Өлкө лидерлери тараптар ортосундагы активдүү диалогду союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүктүн негизинде улантуу чечимин бекемдешти.
Жаңылыктар түрмөгү
0