Кайсы партиялар алдыда келе жатат? Добуштардын 81%ы саналып бүттү

© AFP 2023 / Vladimir VoroninКишилер добуш берүү учурунда
Кишилер добуш берүү учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.12.2021
Жазылуу
Саат 23:30га карата 2 029 шайлоо тилкесинин протоколдорунун маалыматы каралууда. Бул 996 718 жарандын тандоосу ачыкталганын түшүндүрөт.
БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. БШК парламенттик шайлоодо берилген добуштардын 81.36% пайызын кол менен санап бүттү. Бул тууралуу Боршайкомдун бюллетендерди эсептөөнү онлайн режиминде көрсөткөн newess.shailoo.gov.kg порталында маалымдалат.
Саат 23:30га карата 2 029 шайлоо тилкесинин протоколдорунун маалыматы каралууда. Бул 996 718 жарандын тандоосу ачыкталганын түшүндүрөт.
Азырынча беш пайыздык чектен өтө алган партиялар:
  1. "Ата-Журт Кыргызстан" — 16.26 пайыз;
  2. "Ишеним" — 13.82 пайыз;
  3. "Ынтымак" — 11.55 пайыз;
  4. "Ыйман нуру" — 6.43 пайыз;
  5. "Альянс" — 7.96 пайыз;
  6. "Бүтүн Кыргызстан" — 6.67 пайыз;
Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтүп, АСУнун алдын ала жыйынтыгы чыккан. Партия тизмеси боюнча беш пайыздык босогодон алты партия өткөн. Бир мандаттуу округ боюнча да алдын ала жыйынтык белгилүү болду. Акыркы жыйынтык протоколдордун баары кол менен эсептелип чыккандан кийин расмий жарыяланат.
Жаңылыктар түрмөгү
0