Бирөөнүн ордуна добуш бере албайсыңар. ЖКнын вице-спикери шайланбай калды

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку Кеңештин вице-спикеринин орду. Архив
Жогорку Кеңештин вице-спикеринин орду. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.12.2021
Жазылуу
Залда 40ка чамалуу эле депутат отурган. Касымалиева ишеним каттын негизинде бирөөнүн ордуна добуш берүүгө тыюу салды.
БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары жыйынга толук келбегендиктен вице-спикер шайланбай калды.
Аталган кызматка "Бир бол" фракциясынан Мамасадык Бакиров менен "Кыргызстан" фракциясынан Улугбек Садиков көрсөтүлгөн.
Төраганын милдетин аткарып жаткан Аида Касымалиева вице-спикерди шайлоо электрондук эмес, бюллетень аркылуу жабык добуш берүү менен өтөрүн айтты. Ошол эле учурда ал ишеним каттын негизинде бирөөнүн ордуна добуш берүүгө тыюу салды. Мындай норма Конституцияда дагы, Жогорку Кеңештин регламентинде да жок экенин белгиледи.
"Негизи 61 добуш алган талапкер вице-спикерликке шайланат. Азыр залда 40 эле депутат отурат. Анан кантип шайлоо өткөрөбүз. Андан көрө бул маселени күн тартибинен алып салалы", — деди эл өкүлү Айбек Осмонов.
Ал эми Аманкул Токтомамбетов мурда деле ишеним каттын негизинде шайлап келишкенин айтып, ошол ыкманы азыр да колдонууну сунуштады.
Кресла депутатов Жогорку Кенеша - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.12.2021
Үч депутаттын кол тийбестигин карачу комиссия түзүлдү. Курамы
Ага Аида Касымалиева "мурдагыларга ошол төрагалар жооп берсин. Мен төрагалык кылып жатканда андай болбойт" деп жооп берди. Ошондой эле ал кармалган депутаттардан УКМК эмнеге бирөөнүн ордуна добуш бергенин сурап жатканын эскертти.
Белгилей кетсек, мурдагы вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев парламенттик шайлоого катышып жатканына байланыштуу кызматын тапшырып кеткен. Аны менен катар төрага Талант Мамытов дагы кызматтан убактылуу четтетилген. Учурда төраганын милдетин вице-спикер Аида Касымалиева аткарууда.
Жаңылыктар түрмөгү
0