Бак чуркайт! Партия номери менен дал келип, көп добуш алган талапкерлер эмне дейт?

© Sputnik / Акылбек БатырбековЖогорку Кеңештин имараты. Архив
Жогорку Кеңештин имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.12.2021
Жазылуу
Жогорку Кеңешке шайлоого катышкан айрым талапкерлер катар номери партия номери менен дал келип калган үчүн эле көп добуш алыштыбы? Sputnik Кыргызстан агенттиги алдын ала жыйынтык боюнча шайлоодо уткан алты партиянын талапкерлери менен баарлашты.
Бул ирет парламенттик шайлоо жаңы эреже менен өтүп, анда шайлоочулар мурдагыдай партияга гана эмес, партиянын катарындагы өзү жактырган талапкерге дагы добуш бериши керек болду. Бирок мында шайлоочулар өзү каалаган партияны туура тандаганы менен талапкердин номерине келгенде адашып калгандай.
Шайлоочулар партия канчанчы тизмеде болсо, талапкерди тандоодо дагы ошол эле санды белгилеген болушу мүмкүн деген божомолдор айтылууда. Себеби так ошол сандагы талапкерлер алдыңкы сапка чыккан.
Sputnik Кыргызстан агенттиги АСУнун алдын ала жыйынтыгы боюнча Жогорку Кеңешке өттү деген алты партиянын ичинен партия номерлери менен дал келип, көп добуш алган талапкерлер менен байланышып, пикирин сурап көрдү.
© © SputnikТизмедеги талапкердин номери партиянын номери менен дал келип жатат
Тизмедеги талапкердин номери партиянын номери менен дал келип жатат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Тизмедеги талапкердин номери партиянын номери менен дал келип жатат

"Ата Журт Кыргызстан" партиясы

АСУнун алдын ала жыйынтыгы боюнча, "Ата Журт Кыргызстан" партиясы добуш топтоо жагынан алдыга чыкты. Бюллетенде ал тизменин аягында, 21-орунда жазылган. Партиянын ичинен 21 катар номеринде Фархат Исмаилов жазылган. Ага 16,4 миң адам добуш берип, Исмаилов эң көп добуш чогулткандардын катарына кирди.
© Фото / пресс-служба ПП "Ата-Журт Кыргызстан"Фархат Исмаилов
Кандидат в депутаты ЖК от партии Ата-Журт Кыргызстан Фархат Исмаилов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Фархат Исмаилов
"Бардык жерден андай көп добуш алган жокмун. Азыр аймактар боюнча анализ жүргүзүп жатабыз. Негизи үгүтчүлөр жакшы иштеген шайлоо участкаларында гана көп добуш топтой алдым. Жалал-Абад, Бишкек, Чүй, Нарында жакындарым чуркап жүрдү. Үгүт иштери анча жакшы болбогон аймактардан утулуп калдым. Эл билбей, окшош номерлерге берип алган болсо, анда бардык жерден көп добуш алмакмын. Менде андай болгон жок", — деди Исмаилов.
Белгилей кетсек, Исмаилов 2010-жылдан 2020-жылга чейин Жогорку Кеңештин иш башкармалыгында директордун орун басары болуп иштеген.

"Ыйман нуру"

Султанбай Айжигитов Жогорку Кеңешке "Ыйман нуру" партиясы менен аттанган. Партиянын бюллетендеги номери — 5. Айжигитовдун номери да тизмеде бешинчи болуп жазылган. Алдын ала жыйынтык боюнча, талапкер 10 800 добуш алып, партияда көп добуш алгандардын ичинен экинчи орунга чыкты. Ал каражаты тартыш болгондуктан, үгүт иштерин социалдык тармакта гана жүргүзгөнүн айтты.
© Фото / пресс-служба партии "Ыйман Нуру"Султанбай Айжигитов
Кандидат в депутаты ЖК от партии Ыйман Нуру Султанбай Айжигитов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Султанбай Айжигитов
"Интернеттен деле үгүт иштерин жүргүзүү үчүн айта турган, көргөзө турган бир нерсең болушу керек. Баткен облусунда губернатор болуп турганда көп иш жасагам. 10 жылдан бери жумушсуз жүргөнүмө карабай коомдук ишмер болуп, илим жаатында бир топ иштерди аткардым. Кыргызстанды тез убакыттын ичинде өнүгүү жолуна салуу, жакырчылыктан чыгаруу боюнча көп долбоорлорду жазып, чыгаргам. Көрсө, эл ошол нерсеге суусап калыптыр", — деди Айжигитов.
Талапкер айрым аймактардан алган добушу өзү үчүн да күтүүсүз болгонун кошумчалады.
Форумдун катышуучулары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.11.2021
421 алганы бар. Парламентке өткөн аял талапкерлер канча добуш чогултту. Тизме
"Мага 10 миң добуш берилди. Эгер кокусунан адашып берип алган болсо, көп дегенде 1 000 добуш алмакмын. 10 миң адамдын баары кокусунан берип алган жок да. Шайлоочулардын 30 пайызы Нарындан, Ат-Башыдан экен. Түптөн 30 пайыз бериптир. Мени таптакыр эле тааныбагандар добуш бергенине таң калдым. Негизинен добуштун көбүн Баткен менен Жалал-Абаддан алдым", — деди талапкер.
Айжигитов 2005-жылдан 2008-жылга чейин Баткен облусун жетектеп, эки жыл Курманбек Бакиевдин кеңешчиси болгон.

"Бүтүн Кыргызстан"

Бул партия бюллетенде экинчи катарда жазылган. Ал эми партиянын тизмесинде экинчи номерде Исхак Масалиевди көрүүгө болот. АСУнун алдын ала маалыматы боюнча, саясатчы дээрлик 12 000 добуш топтогон. Талапкер шайлоочулар ага адашып добуш берип алды деген ойдон алыс.
"Масалиев" деген фамилия менен "Кыргызстандын коммунисттер партиясынын" жетекчиси дегендин өзү эле маанилүү. Ошондуктан адашып алды деген нерсеге кошулбайм", — деди Масалиев.

"Альянс"

Мурдагы тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков шайлоого "Альянс" партиясы менен барып, көп добуш алгандардын арасында. Анын да катар номери партияныкы менен дал келет. Бирок ал эл окшош номерге адашып добуш берип алды деген пикирге кошулбайт.
Совещание министров иностранных дел ШОС в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Чыңгыз Айдарбеков
"Башка талапкерлер боюнча эч нерсе айта албайм. Мен өлкөнүн бардык аймагын кыдырып чыктым. Бардык жактан колдоо тапкам, ошондуктан добуш берүүнүн жыйынтыгы коомчулуктун мага жана менин ишмердүүлүгүмө болгон мамилесин көрсөттү деп ойлойм. Ошондой эле биз алдын ала божомол жүргүзгөндө тарапташтарыбыз азыркы алган добушумдан да көп болчу. Башкача айтканда, биз мындан да көп добуш алышыбыз керек эле", — деди Айдарбеков.
Ал эл шайлоо участкаларына кимге добуш берерин билип барганын белгиледи.
"Биздин партияда тизмеде 20-40-болуп жазылып, бирок көп добуш топтогондор бар. Кеп номердин дал келип калуусунда деле эмес. Эл кимге добуш берерин билип, анан шайлады", — деди Айдарбеков.

"Ынтымак" партиясы

Шарапаткан Мажитова Жогорку Кеңешке "Ынтымак" партиясы менен чыккан. Партиянын бюллетендеги номери — 8, Мажитованын катар номери дагы — 8.
© Фото / пресс-служба партии "Ынтымак"Шарапаткан Мажитова
Кандидат в депутаты ЖК от партии Ынтымак Шарапаткан Мажитова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Шарапаткан Мажитова
АСУнун алдын ала жыйынтыгы боюнча, Мажитова 9 066 добуш алган. Талапкер мынча добуш топтойм деп ойлобогонун айтып, буга чейин бир топ жакшы иштерди жасаганын белгиледи.
"Шайлоо — бул жарыш да. Кыргызда "Жарышта ат чуркабайт, бак чуркайт" деген жакшы макал бар. Сегиз номери башка бирөөгө туш келсе деле ушундай болмоктур. Бирок мынча добушту жөн жерден алып калган жокмун. Буга чейин жети аймакта тең иштегем. Бир учурда насыя алып төлөй албагандардын укугун коргоп "Асыл аманат" деген коом түзгөнбүз. Анда насыядан кыйналган аялдардын укугун коргоп, банкка алдырып койгон үйлөрүн кайтарып бергенбиз. Кредиттердин пайыздык төлөмүн азайтуу үчүн да чуркадык. 2005-2006-жылдары Кара-Сууда ишкерлердин укугун коргоо максатында да коомдук бирикме түзүп иштеткенбиз. Бул шайлоодо ошол учурдагы командам иштеп, ошолор мени көтөрүп кетти. Буга чейин жасаган мээнетимдин акыбети кайтты", — деди ал.
Талапкер өзү аз сүйлөп, көп иштеген адам экенине токтолду.
Назначение лиц на государственную должность - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.11.2021
"Ата-Журт Кыргызстандан" келчү депутаттардын бизнеси: ломбард, май куюучу жайлар
"Тилден эмес, иштен оратормун. Курулуш тармагында иштейм, буга чейин батир алам деген акчама бир эмес, бир нече бала бакча салдырып бергем. Көрсө, анын баары унутулбай, элдин эсинде калат экен. Бардык аймактан жакшы добуш алдым. Чынында мынча добуш алам деп деле ойлогон эмесмин", — деди Мажитова.
Ал арада Мажитованын партиялашы, мурдагы мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев шайлоочулар бюллетенде адашып добуш берип алганын айтып чыкты.
© Фото / пресс-служба партии "Ынтымак"Балбак Түлөбаев
Кандидат в депутаты ЖК от партии Ынтымак Балбак Тулобаев  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Балбак Түлөбаев
"Мен 10 000 добуш алам го деп ойлоп жаткам. Кантсе да Ысык-Көлдү жетектеп, мэр болуп иштеп калдым. Бирок 4 000 эле добуш алып калдым. Мунун себеби бар. 1 000дей добуш биздин партиядагы талапкерге кокусунан кетип калды. Анткени мени шайлай турчулар 8 номерине эки ирет добуш берип алышкан. Башка аймактан эле чыккан талапкер Ысык-Көлдөн 1 200 добуш алып калды. Бул эми система, ката кетет. Мен аларга жакшы эле партиянын номери 8, ал эми меники №13 деп айткам. Бирок болбой эле 8 номерин белгилеп алышыптыр", — деди Түлөбаев.

"Ишеним"

"Ишеним" партиясы бюллетенде №9 деп көрсөтүлгөн. Тизмеде бул номердин тушунда Эмил Жусупов жазылып, аны 10 000 адам колдогон. Sputnik агенттигинин кабарчылары талапкер менен байланышып, пикирин билүүгө аракет кылды. Бирок телефону өчүк болгондуктан байланыша алган жок.
Жаңылыктар түрмөгү
0