Депутаттар бүгүн вице-спикер шайлайт. Эки талапкер көрсөтүлдү

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаЖогорку Кеңештин жыйыны. Архив
Жогорку Кеңештин жыйыны. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.12.2021
Жазылуу
Мурдагы вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев парламенттик шайлоого катышып жатканына байланыштуу кызматын тапшырып кеткен.
БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүн вице-спикер шайлайт.
Аталган маселе күн тартибине киргизилип, түштөн кийин каралмай болду. Төраганын орун басары кызматына "Бир бол" фракциясынан Мамасадык Бакиров менен "Кыргызстан" фракциясынан Улугбек Садиков көрсөтүлдү.
© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаДепутат Мамасадык Бакиров
Депутат Мамасадык Бакиров - Sputnik Кыргызстан
1/2
Депутат Мамасадык Бакиров
© Фото / пресс-служба ЖКДепутат Улугбек Садиков
Депутат Улугбек Садиков - Sputnik Кыргызстан
2/2
Депутат Улугбек Садиков
1/2
Депутат Мамасадык Бакиров
2/2
Депутат Улугбек Садиков
Белгилей кетсек, мурдагы вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев парламенттик шайлоого катышып жатканына байланыштуу кызматын тапшырып кеткен. Аны менен катар төрага Талант Мамытов дагы кызматтан убактылуу четтетилген. Учурда төраганын милдетин вице-спикер Аида Касымалиева аткарууда.
Жаңылыктар түрмөгү
0