"Бүтүн Кыргызстандан" депутат болчулардын кандай бизнеси бар? Тизме

© Фото / Pixabay/ advogadoaguilarОфис кызматкери. Архив
Офис кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.12.2021
Жазылуу
Sputnik болочок эл өкүлдөрүнүн бизнеси тууралуу материалдар түрмөгүн жарыялап турмакчы. Кезек "Бүтүн Кыргызстан" партиясында.
АСУнун алдын ала жыйынтыгына ылайык, "Бүтүн Кыргызстан" партиясы республика боюнча шайлоочулардын 6,5 пайыз добушуна ээ болуп, парламентте алты мандат алмай болуп турат. Sputnik Кыргызстан агенттиги аталган партия аркылуу Жогорку Кеңешке келе турчу эл өкүлдөрүнүн мал-мүлкүн тизмектеди.
Саясий партиянын лидери Адахан Мадумаров гезит, мезгилдүү басылмаларды чыгарган "Таза-Медиа" ЖЧКсына ээлик кылат. Мындан тышкары, кино, видеоматериалдарды жасаган "SkayLand Production" компаниясында үлүшү бар.
Экс-депутат Исхак Масалиевге тамекини дүңүнөн саткан "Талас-Ош" жоопкерчилиги чектелген коому катталган. Ал ошондой эле "Тандоо" , "Абсамат Масалиев", "Кыргыз-казак достугунун "Байтас" коомдук фондун башкарып келет.
Эмил Токтошевдин мурун кант өндүргөн "Т.ЭТ. и К" ишканасы бар болчу. Азыр экс-депутатка эч нерсе катталган эмес.
Аталган партиядагы Гуля Кожокулова менен Алишер Эрбаевдин жеке ишкана, компаниясы жок.
Ал эми Орозайым Нарматова "Жаштар коому" коомдук бирикмесин жетектейт.
© Фото / из личного архива Орозайым НарматовойОрозайым Нарматова
Кандидат в депутаты ЖК от партии Бутун Кыргызстан Орозайым Нарматова  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Орозайым Нарматова
Жаңылыктар түрмөгү
0