Добуштардын 50%ы саналды. Алдыда келе жаткан партиялар

© Sputnik / Игорь Егоров / Медиабанкка өтүүДобуш берип жаткан жарандар. Архив
Добуш берип жаткан жарандар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.12.2021
Жазылуу
Саат 18:50гө карата 1 248 шайлоо тилкесинде бюллетендер эсептелип, протоколдор БШКга жөнөтүлгөн.
БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Парламенттик шайлоодо берилген добуштардын 50 пайызы кол менен саналып бүттү. Бул тууралуу Боршайкомдун бюллетендерди эсептөөнү онлайн режиминде көрсөткөн newess.shailoo.gov.kg порталында маалымдалат.
Саат 18:50гө карата 1 248 шайлоо тилкесинде бюллетендер саналып бүтүп, протокол жөнөтүлгөн. Бул 555 846 жарандын тандоосу ачыкталганын түшүндүрөт. Жалпысынан шайлоого 1 273 557 кыргызстандык катышкан.
Азырынча төмөнкү партиялар беш пайыздык босого чектен өттү:
  • "Ата-Журт Кыргызстан" — 15.78 пайыз;
  • "Ынтымак" — 13.29 пайыз;
  • "Ишеним" — 13.01 пайыз;
  • "Ыйман нуру" — 7.12 пайыз;
  • "Альянс" — 7.08 пайыз;
  • "Эл үмүтү" — 5.31 пайыз;
  • "Бүтүн Кыргызстан" — 6.15 пайыз.
Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтүп, АСУнун алдын ала жыйынтыгы чыкты. Партия тизмеси боюнча беш пайыздык босогодон алты партия өттү. Бир мандаттуу округ боюнча да алдын ала жыйынтык белгилүү болду. Акыркы жыйынтык протоколдордун баары кол менен эсептелип чыккандан кийин расмий жарыяланат. 
Жаңылыктар түрмөгү
0